Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бою кыска, ойлору нуска

Бою кыска, ойлору нуска

24-август, 17:41
405 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Калык Ибраимовго)  

Биз студент кезибизде тааныштык. Анда азыркы улуттук университетибиздин бир факультетинде окуп, бир жатаканасында жашачубуз. Ошондо менин жана башка студенттердин байкаганыбыз – жатакананын кабаттар ортосундагы тепкичтеринде такай кечке маал бойлору кыска, эгиз сымал кыз-жигит сүйлөшүп турчу. Көрсө, алар бизден бир курс өйдө окуган Калык жана Дилде дегендер экен. Укканыма караганда, дурус окушат имиш. Кийин адабият аркылуу (экөөбүз тең сынга, илимге кызыкчубуз) Калык менен жакындашып, теңтуш, бара-бара дос болуп кеттик. Калык менен Дилде баш кошуп, мен Москвада окуумду улантып жүргөндө Бишкекке келгенде алардын батиринде түнөп калган күндөр да болчу. Ошондогу окуялардын бири эч качан эсимден чыкпайт. 

1978-жылдын апрелинин аяк жагы эле. Калыктар жумушчулар шаарчасындагы Р.Люксембург көчөсүндөгү 30-үйдө батирде жашап жатышкан. үй ээси катаалырак немис кемпир болчу. Мен Москвадан учуп келип, алардын батиринде түнү бою сүйлөшүп, сырдашып чыккандын эртеси бою өтө бийик, албеттүү жигит келди. Кийген бут кийими менимче, 45-46 өлчөм болсо керек. Кыргыздардан мындайды мурда көрбөгөм. Басса үйдүн жыгач полу качыр-кучур этет. Көрсө, ал Калыктын жердеши, айылдашы Искендер деген ачык-айрым, ыймандуу юрист жигит экен. Кийин аны экинчи жолуктурбадымдүйнөдөн өтө эрте өтүптүр. Сурап билсем, кара-кулжалык айтылуу Жээнбековдордун кенжеси болуп чыкты. Жаткан жери жайлуу болсун.  

Ошентип, мен үйлөнгөнүмдөн кийин үй-бүлөбүз менен өз ара ынак болуп катышып жүрдүк, далай күндөрдү, жакшы саатарды чогуу-чаран өткөрдүк. Калыктын балдары биздин көз алдыбызда торолуп өстү, Калык экөөбүз кийин улуттук илимдер академиясында, мамлекеттик кызматта бир топ жыл чогуу иштедик.   

Калык – дээринде сезимтал, боорукер, эч кимге жамандыгы жок, Асан кайгы мүнөздүү адам. Экинчи баалуу сапаты – табиятынан сөзгө, музыкага жакын, комуз черткен, ыр жазган жана коңур үнү менен келиштире ырдаган талантка ээ. Жаш кезибизде өзүбүзчө же достор менен отурганда аны далай эле ырдаттык го! Комузун колуна алып: «Оо анда…» же «Кайдасыңар…» деп башталган ырларын созуп калчу. үчүнчүсү – Калык көп окуган, кыргызча катыра, кулпурта, кубулжута, куюлуштура жазган чыныгы окумуштуу, мыкты стилчи. Буга анын көп сандаган макалалары, «Көркөм дөөлөттөр дүйнөсүндө» (1982), «Адабият, адам жана дүйнө» (1986), «Мифологиялык архаика жана азыркы адабияттагы адам-табият концепциясы» (1991) аттуу китептери ачык далил. Ошол эле мезгилде Калык орусча да жакшы жазарын «Миф и миропонимание в гуманистической философии Ч.Айтматова» (1998) жана «Ч.Айтматов как миротворец, мудрец века» (2018) деген китептери күбөлөп турат. 

Калыктын кесиптеш башка адабиятчылардан айырмасы – дүйнөлүк мифологияга, философияга, космологияга ык коюп, көп көңүл бурганы. Ал жаштайынан, совет доорунда эле бизде жат эсептелген З.Фрейд, К.Юнг сыяктуу чет элдик атактуу окумуштулардын эмгектерин орусча окуп, ыктуу пайдалана билген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын чет эл адабияты менен салыштырып изилдеген. Ушул багыттагы изденүүлөрүн биздин көрүнүктүү адабиятчы-сынчыбыз, алгачкы жана эң кадыр-барктуу Айтматов таануучубуз маркум Калык Асаналиев жогору баалаган. Мен дагы достор чогулуп отурганда «ии Калык, баштачы баягыңды. Жер кантип каймактаган?» деп тамашалап калчу элем. 


Жогоруда айтылгандай, Калык мамлекеттик кызматтын кандай экенин да көрдү: бир нече жыл тунгуч президент А.Акаевдин жардамчысы болуп, анын акылдуу, кооз сөздөрүн жазды, анан өзбекстандагы элчилигибизде иштеди, акыр жагында мурдагы өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиевге кеңешчи болуп, анын да сөздөрүн жазды. Азыр жашка жараша чыгармачылык жумушта. Ушул улгайган куракта ал «Мезгил жана мен» (2018) жана «Хронос жана Эрос» (2021) деген эки чакан ыр жыйнак чыгарды. Экөө тең эч саман-топону, кыйкырык-чуусу, жеңил-желписи жок, философиялык, лирикалык терең, чынчыл китеп. Бул эки китепке тең башсөз жазган Кыргыз эл жазуучусу (ал ыр да жазат) С.Раев туура белгилептир.   Мен болсо бул жыйнактарын окуп отуруп, экөөбүздүн устатыбыз С.Жигитов, анын «Ыймандай сырым меним» деген чакан ыр китепчесин эстеп жаттым. Көрсө, Калык Салижан агайдан илим жагынан гана эмес, сырчыл, чынчыл, поэзия жагынан да жакшы таалим алган экен. Дегеле анын жазгандары, мейли илимий текст, расмий сөз, ыр түрмөгү болсун, дайыма нуска, өз ордунда. 

Бар бол, Калык! 70 жашың кут болсун! Ушул куракка карата айтылуу Цицерондун «Карылык тууралуу» аттуу чыгармасында акылман сөздөр бар: «Сабырдуу, алпейим жана ак пейил адамдарда карылык жакшы өтөт». Көптү билген, көп окуган, мыкты жазган таланттуу адам катары көп санааркабай, муну да көңүлүңө түйүп кой. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер