Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алсыздын отун күйгүзгөн, алдуулар менен кармашкан Туйгунаалы Абдраимов

Алсыздын отун күйгүзгөн, алдуулар менен кармашкан Туйгунаалы Абдраимов

17-август, 18:25
2 445 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламенттик шайлоо улам жакындап келатат. Коомчулукта сын пикир күч. Кандай гана партия же талапкерлер болбосун, баарына каршылык көрсөткөн катмар пайда болгонун байкоого болот. Өзгөчө соцтармактардан жылуу пикирлерди жазгандарды көрүү кыйын. Мындай көрүнүшкө “чимкирик” аталган парламент жана өкмөттүн буга чейинки ишмердиктери жеткизди окшойт.

Бирок, биз баарына кара боёк сүртө бербестен, баскан жолу бараандуу, элге татыктуу кызмат кылган инсан жөнүндө кеп кылсак эп болчудай. Маселен, Туйгунаалы Абдраимов боюнча сөз башталганда эле “журналист кызды кемсинткен, өңү жакпай турганын айткан” деген кине коюлат. Терең ой жүгүртүп көрсөк, бул көрүнүш коомчулук үчүн анчейин коркунучтуу эмес. Болгону эмоция! Ошол окуя башталганда, күтүүсүздөн Орок айылында улут аралык жаңжал тутанып кетүү коркунучу жаралганда, андагы губернатор Туйгунаалы Абдраимовдун абалын да түшүнүү керек эле. Тынчсыздануу, кыжалаттык ички сезимдерди уйгу-туйгуга салып атса, ал арада журналисттер жаалап, ар кандай кычыкыланган суроолор менен үстөккө-босток жаадырып турса, ачуулукта айтылып кетти да... Бирок, каарманыбыз кийин журналист кыздан кечирим сурады. Бул эми турмуш, ар бир адамдан ката кетет, мүчүлүштүктү кайра оңдоп, уялып калса, андан үмүт үзбөш керек.

Туйгунаалы Абдраимов 15 жылдай медицина тармагында иштеп, башкы врачка чейин көтөрүлгөн. 1995-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Ошондон тарта төө минген да, жөө жүргөн дагы күндөрү болду. ФОМСту жетектеди, бизнесте жүрдү. Саламаттык сактоо министри, элчи жана үч ирет БШКны башкарды. Акырында Чүй облусунун губернатору кызматын аркалады. Өтөлгөлүү өмүрүнөн, баскан жолунан алсак, ага карата “коррупционер” же “ууру” деп эч ким жарлык тага албайт. Тескерисинче, алсыздын отун күйгүзүп, алдуулар менен кармашканы эсибизде. 2006-жылы Рысбек Акматбаев шайлоодон жеңип келгенде, БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов ага мандат бербей койгон. “Кримиалдык авторитет парламентке киргенге болбойт” деген гана кыска жооп узаткан. Бүтүндөй бийлик коркуп, титиреп турганда, ал ушундай адилеттүү, чечкиндүү кадамга барган. Мамлекетчил духтагы образ ушундай болот...

Кайсы бийлик болбосун, өз позициясынан тайбай, керектүү учурларда “мыкчыгерлерге” каршы пикирин билдирип, туура сөздү айтып келди. Аныгында, популизмден бийик турат. Өзүн пиар кылуудан, мактануудан караманча алыс. 

Адамгерчилик жагынан алсак, Туйгун байке жогорку сапаттагы инсан. Ким бирөөнүн астында жалтактабайт, кошоматтанбайт. “Эл эмне дейт? Ички абийирим мындай ыпластыкка чыдабайт!” деген толгонуусу менен тазалыкка ык коюп, башын бийик көтөрүп жүргөнүнө күбөбүз. Ар дайым кийинки муунга кеп-кеңешин айтып, таза жана адилеттүүлүк тарапта болууга үндөйт. “Жаман көрсө жармасын бербей койсун” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, мансаптуудан айбыкпаган бетке чабар мүнөзү бар. Табиятынан карапайым элге жакын. Кыскасы, Туйгунаалы Абдраимов бүтүндөй өмүрүн жакшылык жасоого арнады. Бул боюнча кези келгенде булактын көзү ачылган сыңарындай оргуштап, далай алкоолор жазылып, айтылса керек...

Асланбек Сартбаев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер