Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түрмөдө Канатбек Исаев эмес, Өмүрбек Бабанов отурушу керек беле?

Түрмөдө Канатбек Исаев эмес, Өмүрбек Бабанов отурушу керек беле?

17-ноябрь, 11:18
444 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2017-жылы президенттик шайлоо астында Канатбек Исаев “бийликти басып алуу” таризинде айыпталып, камакка алынган. Алмазбек Атамбаевдин түз буйругу менен. Бирок, тогуз айдан кийин эркиндикке чыкканы эсибизде. Негизинен иш “сынган”. Соке бийликке келген соң, котур ташын койнуна катып, көрсө, жалган мааниде токулган жалааны жаптырбай коюптур го? Мына ушунун айынан “Көкжал” азыр түрмөдө отурат. Башынан эле саясый буюртма из салган бекен? Кайда жашырабыз?.. Эң кызыгы, 2017-жылы Канатбек Исаев камалганда (шайлоого чукул), талапкер катары Өмүрбек Бабановду кол тийбестиги сактап турду, анан бир айдан кийин кармаларда Москвага качып кетип атпайбы! Демек, түйүнүн чечиш керек. Исаев шайлоодо Бабановго жандооч катары дем берип, сүрөп жаткан. Үгүтчүлөр менен сүйлөшкөн кызматташуусун тартып алышып, тасманы кескилешип, төңкөрүшкө даярдангандай мааниде сүрөттөшкөн эле. Логикага сыйбай калган. Эгерде андай болсо, башкы айыпталуучу Бабанов катары каралбайбы? Негизги фигура ушул эмеспи?! Таңгаласың. Учурда Исаев экинчи ирет түрмөдө отурса, а Бабанов дагы эле эркиндикте жүрөт. Балээнин баары кайда катылганын түшүнүп атасыңарбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер