Талантаалы Бакиев да Сыртбай Мусаевдей болуп, “кермекаштарды” топтой баштаптыр

Топчукенин демилгеси менен ачылган Манас жана Ч.Айтматов академиясы бар. Ага Талантаалы Бакчиев президент болгон. Т.Бакчиев И.Разаков атындагы Кыргыз техникалык университетинен иштен куулгандан кийин Сыртбай Мусаевдин жардамы менен мамлекеттик тил комиссиясынын алдындагы терминкомго барган. Ал жерде Т.Бакчиев жасаган ишинен дайын жок, эки жыл жөн эле айлык алып жүргөн. “Өлө албай жатып өлөң айтат” дегендей, Т.Бакчиев ошол терминкомго жалаң көлдүк жердештерин жыйган. Эми аты улуу академияга барып, ошол өнөрүн көрсөтүп, жалпы түрк дүйнөсүнө атактуу аалым Сулайман Кайыповду, акын жана илимпоз Баяс Туралды иштен кетирип, ордуна “кермекаш” карындаштарын ишке алып жатканын уктук. Сыртбай Мусаев өзүнүн татыксыз экенин билеби, айтор, гезитке, радио, телеге чыкканда “ардактуу” наамын жаздыра жүрөт. Ал Москвада ач болуп, ток болуп аспирантурада бирге окуган Сулайман Кайыповду “ал үлкөн окумуштуу, тийбе” деп Бакчиевге авасы катары бир ооз сөз айтып, коргоп калганга жарабаптыр.
Талантаалы Бакчиевдин окумуштуулугуна келе турган болсок, резюмесине “6 монографиям бар” деп жазыптыр. “Манас” жана саясат” деген диссертациясын политологдор жаратпай коюп, “Манасты” арбактардан алабыз” деген саентологиялык идеяларга сугарылган эмгегин улуттук университеттин илимпоздору жаратпай, Эмилбек Каптагаев, Каныбек Иманалиев жана башкаларды диссертациялык кеңешке ортого салып жатып, эптеп докторлугун коргогон, колго ала турган бир илимий эмгеги жок экени бааланууда. Илимди түшүнбөсө, илимпоздорду көргөндө итиркейи келип, иштен айдап, айча бел аспиранткаларды жандаганды жакшы көрсө, анда Сыртбай Мусаевдин жолуна түшкөн турбайбы (?) деп кесиптештери кеп кылышат экен.
"Азия Ньюс" гезити