Айгүл Абдраева тарыхы бар окуу жайдын тарпын чыгарабы?
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева биринчи айымга таянып алып, билгенин жасап жүргөнү коллективи тарабынан айтылууда. Бул келгени окуу жайдын алдыга карай өнүгүүсү байкалган жок. Билим берүүнүн сапаты начарлап, илим жааты аксап, эптеп эле күн өтүп аткандай. Окуу процессинин ыраатка салынбаганы, студенттер кааласа келип, каалабаса кете беришеби? Айтор, жалпы башаламандык өкүм сүргөнү кандай? Ал эми университеттеги коррупция, “жең ичинен майкандоо” качан токтойт? Кыскасы, жанды кашайткан соболдор арбын. УКМК текшерүүгө алып, баа береби? Же “крышасы” бар ректорду кыйгап өтүшөбү? Кандай айткан күндө да, Айгүл Абдраеванын ишмердигин иликтөөгө ала турган мезгил келди. И.Арабаев атындагы КМУну биротоло курутуп кеткиче, сактап калууну ойлонбойлубу? Тарыхы бар окуу жайдын тарпын чыгара берсе, жогору жактан эч ким үн катпайбы? Иштей албаса, шек жаратса, кетип эле калсын да. Ансыз дагы билимдин билиги өчүп бараткан чакта, “какаганга муштаган” болбой.
"Азия Ньюс" гезити