Кароосуз калып, кайыр сураган балдарга рейд жүрдү
Бир да бала кароосуз калбашы керек. Ар бир ата-эне балдарынын тарбияланышы, багып-каралышы жана коопсуздугу үчүн жоопкер. Жашы жетелек балдарды ишке тартууга тыюу салынат.
Бүгүн Бишкек мэриясы шаарды кыдырып, кайыр сураган жана ар кандай оор ишке тартылган өспүрүмдөрдү табуу максатында рейд жүргүздү.
Рейд учурунда кичинекей балдарын пайдаланып, өткөн-кеткендерден акча сурагандар кармалышты. Алар — эки жана беш баласы менен жүргөн өзбекстандык төрт жаран жана эки баласын ээрчиткен жергиликтүү тургун болгон.
Бөбөктөр жашы жете электерге колдоо көрсөткөн "Айданек" борборуна жеткирилген. Ата-энелеринин ким экендиги аныкталганга чейин аталган жайда кармалып турушат.
Андан тышкары жашы жете элек эки бала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң ата-энесине кайтарылган.
Көчөдө жашы жетелек балдардын кайыр сурагандарын же кароосуз калгандарын билсеңиздер төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
Биринчи Май району: 0 (312) 62-35-02;
Октябрь району: 0 (312) 51-03-75;
Свердлов району: 0 (312) 53-05-76;
Ленин району: 0 (312) 65-69-10.
Aryba.kg