Сыймык Жапыкеев камалып кетерде Акүйдөн коңгуроо кагылганбы?
ИИМдин тергөөчүсү Сыймык Жапыкеевди чакырыктары үчүн жапкан жатса, Акүйдөн коңгуроо кагылып, каматпай койгонбу? Ушул өңүттө ИИМдин ичинде ыргылжың кеп болууда... Ошондо “Чоң казат” бийликтин долбоору болуп, карантинде элди алаксытууга багытталган беле? Учурда коомчулук деле “Чоң казаттын” лидери Максат Мамыткановдун курулай опулдаганын, атайын кызмат менен тымызын кызматташканын туюп атса керек. УКМКда иштеп кеткендер өмүр бою “эски уясына” көз каранды экендиги, маалымат ташып калышары тар чөйрөдө айтылат. Мамытканов мурдагы “конторский” катары чалмакейди чалып, Сыймыкты айдактап, аягында туңгуюкка келип калды го? Бул эмнени билдирет? Саясый сабатсыздык да! Бирөөнүн колунда курал болбой, күнкорлуктан жогору туруп, коомдук иштерге эркиндикте аралашуу керек. А болбосо аягында ушинтип, уятка каласыңар...
Aryba.kg