Арзыбек Кожошев: “Ар бир жасаган жумушубуз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталат”

-- Арзыбек мырза, Евразия экономикалык биримдикке мүчө болгонубузга 10 жыл болду. Аз эмес убакыттын ичинде Кыргызстанга биримдик оң таасирин тийгиздиби?
-- Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө болгонунан өлкөбүзгө көптөгөн пайда алып келди. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр ИДПнын орточо жылдык өсүшү 2015-2023-жылдар аралыгы 3,9%ды, ИДПнын номиналдык өсүшү үч эсеге, тактап айтканда, 401,0 миллиард сомдон 1,2 триллион сомго өстү. Бюджеттин кирешеси 3,3 эсеге өсүп, 391,9 миллиард сомду түздү. Жан башына ИДП 2015-жылы 1163 долларды түзсө, 2023-жылы 1969 долларды түзүп, 1,7 эсеге өскөн. Инфляциянын орточо көрсөткүчү ЕАЭБ боюнча 7,0% болгон учурда Кыргыз Республикасында 5,9%ды көрсөттү.
-- Соода жүргүзүү тармагында алдыга жылуу байкалдыбы?
-- 2015-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 5,6 миллиард доллардан 15,7 миллиард долларга чейин 2,8 эсеге өстү. Аныничинде экспорт 1 миллиард 482 миллион доллардан 3 миллиард 309 миллион долларгачейин 2,2 эсеге, импорт 4,1 миллиард доллардан 12,3 миллиард долларгачейин 2,9 эсегежогорулаган.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрүмененөз ара соодасы 2015-жылдан бери болжолменен 1,8 эсегеөсүп, 2023-жылы 4,4 миллиард доллардытүздү.
Өнөр жай өндүрүшү 2015-жылы 181 миллиард доллардан 2023-жылы 482 миллиард долларга көтөрүлүп, 3,8 эсеге өскөн. Анын ичинен тармактар боюнча өндүрүштүн өсүшү: тамак-аш өндүрүшү 3,1 эсеге, жеңил өнөр жай продукциясы 3 эсеге, курулуш материалдарын өндүрүү 2,3 эсеге, тоо-кен казып алуу 7,1 эсеге, даяр металл буюмдарын чыгаруу 2,7 эсеге көбөйгөн.
-- Бизнес тармагында кандай жетишкендиктер бар?
-- ЕАЭБге кирүү 180 миллиондон ашык калкы бар бирдиктүү рынокко жол ачты. Бул соода тоскоолдуктарын, бажы төлөмдөрүн азайтуу аркылуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун, импортун жөнөкөйлөттү. ЕАЭБге мүчө болгондон жергиликтүү ишкерлер үчүн бир канча артыкчылыктар түзүлдү. Мисал катары айта кетсем, экономиканы колдоо жана өнүктүрүү максатында 500 миллион доллар уставдык капиталы менен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлдү. Инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында Долбоорлорду даярдоо жана колдоо боюнча гарнттык фонду (ДДК) ишке кирди. ЕАЭБгемүчө мамлекеттердин өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга финансылык жардам көрсөтүү механизмдери иштелип чыкты. Евразия өнүктүрүү банкынын Санариптик демилгелерди өнүктүрүү фонду (ЕӨБ СДӨ) ЕАЭБ санарип күн тартибинин алкагында долбоорлорду иштеп чыгууга жана каржылоого көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.ЕАЭБ интеграцияланган маалымат системасы (ИМС) жанданды. ИМС алкагында 26 жалпы процесс ишке киргизилди.Кайра камсыздандыруу жана экспорттук каржылоо аркылуу ЕАЭБде камсыздандыруу потенциалын жана тобокелдиктерди кесипкөй башкарууну жогорулатуу үчүн Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы түзүлдү. Мыкты тажрыйбаларды алмашуу жана инвестициялык ишмердүүлүктүн методологиялык принциптерин түзүү үчүн Өнүктүрүү институттарынын консорциуму ишке ашты.
-- Кыргызстандык мигранттардын Россия Федерациясында иштөөсүнө чектөөлөр киргизилери боюнча оюңуз кандай?
-- Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы “Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кароого киргизди. Буга байланыштуу ЕЭКке кандай өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн жана алар ЕАЭБ жарандарына таасир этеби (?) деген көптөгөн суроолор келе баштады.
ЕАЭБ жөнүндө келишим – биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандарына башка мүчө мамлекетте тоскоолдуксуз жүрүүгө жана эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мамлекеттик Дума карап жаткан өзгөртүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына эч кандай таасирин тийгизбейт. Башкача айтканда, жаңы мыйзам күчүнө кирген учурда да кыргызстандык жарандарда Россиянын жарандарындай эле эмгектенүү укугу сакталат.Ошол эле учурда ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарга Россиянын аймагында медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү, мектептерде жана бала бакчаларда мугалимдик кызматтарды ээлөө, коомдук транспортту, оор жүк ташуучу унааларды айдоо, посылкаларды жана корреспонденцияларды жеткирүү ж.б. чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
-- ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттарыбызга кандай мүмкүнчүлүктөр же жеңилдиктер каралган?
-- Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши менен өлкөбүздүн жарандарынын ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө болушу жана иштөө шарттары олуттуу өзгөрдү. Биримдикке мүчө болуунун пайдасына оң аргументтердин бири катары да биздин жарандарыбыздын эмгек рынокторунда болуу жана ишке орношуу шарттарын жакшыртуу болгон.
Уюмга мүчө болгондон тарта чет элдик жана ички паспорттор менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирип-чыгуу, өлкөгө кирген күндөн тартып 30 күн ичинде каттоого туруу, түз эмгек келишимин түзүү, “чак арасыз жумуш” платформасы аркылуу жумуш издөө, жумушка кирген 1-күндөн тартып киреше салыгы 13%ды түзөт, өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгү пайда болду, медициналык камсыздандыруу жеткиликтүү болуп калды. Биримдикке мүчө мамлекеттин жарандары менен бирдей пенсия алуу укугу пайда болду.
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Федерациясында жана Казак Республикасында айдоочу болуп иштөөгө коюлган чектөөлөр алынды. Эмгекчилердин мамлекеттик кызматтарга санариптик түрдө жеткиликтүүлүгүн ырааттуу кеңейтүү маселеси каралууда, бул алардын ЕАЭБ алкагындагы ишинин ыңгайлуулугун жогорулатууга жардам берет.
-- ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында кандай жетишкендиктер болду жана алар өлкөбүз үчүн артыкчылыктарды бере алабы?
-- Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында Кыргызстан энергетика тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Маанилүү жетишкендиктердин бири катары өлкөнүн электр тармактарынын жалпы өндүрүлгөн кубаттуулугун 315 мВтка көбөйгөнүн айтсак болот.
Бул жетишкендик Евразия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган ири жана кичи ГЭСтерди реконструкциялоо, куруу долбоорлорунун аркасында мүмкүн болду. Жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоону камсыз кылып, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдеди.
Урунттуу учурлардын бири катары 2022-жылы жалпы электр энергиясынын рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимдин күчүнө кириши болду. Келишимдин алкагында анын катышуучулары жана инфраструктуралык уюмдары, электр энергиясын трансчек ара соодасынын принциптери, ошондой эле Биримдиктин органдарынын компетенциялары аныкталды.
Бирликтин жалпы электр энергетика рыногунда мөөнөттүү келишимдер боюнча жана күн алды электр энергиясын борборлоштурулган сооданы уюштурган операторлор аныкталды.Аталган иш аракеттер Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Күчүнө кирген бул келишим электр энергиясынын жалпы рыногунун иштешинин негиздерин аныктап, электр энергиясын трансчек аралык соодалоонун принциптерин жана Бирликтин органдарынын компетенциясын белгилейт.Кыргызстан үчүн бул энергетикалык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, энергетикалык ресурстарды мамлекеттер аралык жеткирүүлөрдү оптималдаштыруу жана ЕАЭБ алкагында энергетикалык ресурстардын биржалык соодасына катышуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.
Жогоруда айтылган чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүн чыңдоого, электр энергиясын экспорттоону кеңейтүүгө жана региондук энергетика рыногуна комплекстүү катышууга мүмкүнчүлүк берет.
-- Транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча кандай иш аракеттер жүрүүдө?
-- Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуусу менен транспорт тармагында оң өзгөрүүлөр болду: транспорт көзөмөл ЕАЭБдин сырткы чек арасына жылдырылды. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймактары аркылуу товарларды ташуу үчүн бирдиктүү тарифти колдонуу киргизилди. ЕАЭБдин ичинде жүк ташууга уруксат алуу жоюлду. Мындан сырткары, ЕАЭБ аркылуу транзиттик жүктөрдү көзөмлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу киргизилди. “Евразиялык агроэкспресс” долбоору аркылуу айыл чарба продукцияларын эксорттоого кошумча шарттар түзүлдү.
Натыйжада, жүк жүгүртүүнүн жана жүк ташуу көлөмүнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү оң динамикасын көрсөтүүдө. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 2014-жылга салыштырмалуу жүк жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 14,7 %га, темир жол транспорту 10 %га, автомобиль транспорту 7,7 %га, аба транспорту 277 %га өскөн. Негизинен жүк ташуулардын жалпы көлөмү 75,5 %га өстү.
Жалпылап айтканда, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн оң таасирин тийгизди деп айтсак болот. Анткени, жогоруда келтирген статистикалык маалыматтарды эске алуу менен Биримдикке мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкта чоң мүмкүнчүлүктөр жана жетишкендиктерди айкын көрүп жатабыз. Ошондуктан элибиздин аталган биримдиктен күткөн үмүтү акталды деп ойлойм.
Албетте, биз ушул жыйыктык менен токтоп калбайбыз. ЕАЭБ алкагында баардык тармактарды өнүктүрүү боюнча тийешелүү жумуштар аткарыла берерин кошумчалап кетким келет. Ар бир жасаган жумушубуз элибиздин жашоошартын жеңилдетүүгө, башка өлкөлөр менен кызматташтыкты чыңдоого, деги эле өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталат.