Кубатбек Боронов: “Ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурлары азайбай жатат”
Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жөнөтүлөт. Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
Премьер-министр Кубатбек Бороновсаламаттыкты сактоо министрлигинин көңүлүн Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы көрүлүп жаткан чараларды күчтөндүрүүгө бурду. "Аталган эки аймактагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Бул облустарда ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат. Абалды жакшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медицина кызматкерлерин жөнөтүү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар республика аймактарын баардык зарыл медициналык дары-дармектер менен камсыздоого басым жасоосу тийиш. Күз мезгилине карата өлкөдө медикаменттердин тийиштүү запасы болушу керек. Сиздердин алдыңыздарда ошондой эле калкты сапаттуу жана ыкчам эмдөө боюнча компанияны жүргүзүү маселеси турат", - деди өкмөт башчы.