Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жыргалбек Турускулов: “Абал курчуп кетсе шайлоону жылдырууга туура келет”

Жыргалбек Турускулов: “Абал курчуп кетсе шайлоону жылдырууга туура келет”

22-март, 23:02
268 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери менен маек...

-- Жыргалбек Күрүчбекович, “коронавируска байланыштуу 12-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду кийинкиге жылдыра туруш керек” деген сунуштар айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-- “Көп киши чогулган иш-чараларга чектөө болсун, үйгө карантин киргизилсин, ресторандар иштебесин, той-топурлар болбосун” деген талаптар коюлуп жатат. Мектептер, бала бакчалар жабылууда. Ырас, ошончолук чектөө киргизилип жаткан соң, саясый иш-чаралар да чектелгени туура болот го. Себеби, шайлоо да бул массалык иш-чара. Шаардык кеңештерге шайлоого канчалаган киши келип, депутаттарды шайлайт. Ошондуктан мен ойлойм, эгер абал курчуп кетсе, шайлоону жылдырыш керек. 

-- Анда саясый партиялар жергиликтүү шайлоолордо күчүн сынап, өз дараметин аныктап алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышат турбайбы?

-- Эң биринчи адамдын ден соолугу да, туурабы? Шайлоо, мүмкүнчүлүк деген нерселерди экинчи планга коюп туруш керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер