Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Медетов: “Абдыжапаров, Токтогазиев, Бакчиев сыяктуу жайсаңчыларга чечкиндүү чара көрүлүшү зарыл!”

Аскар Медетов: “Абдыжапаров, Токтогазиев, Бакчиев сыяктуу жайсаңчыларга чечкиндүү чара көрүлүшү зарыл!”

14-май, 09:00
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти менен маек.

-- Аске, бу кезинде сен да жайсаңчылар менен болгон “чоң казатка” катышканың эсимде. Андан бери бир топ жыл өттү, соттун чечими менен аларга тыюу салынгандай болду эле. Эми алар кайра баш көтөрүшүп, Көкүйдү колго алышып, Темирбек Токтогазиевдин “Манастан” алган беш китеп” деген китеби мамлекеттин эсебинен чыгып, президент баш сөз жазып, мамлекеттик катчы чыгышына жооптуу редактор болуп, айтор, “отко салса күйбөй, сууга салса чөкпөй тургандай” эле кабат-кабат коргоого алынган экен, муну кандай кылабыз?

-- Ооба, бул китеп коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Темирбек Токтогазиевдин айлакерлигине таң берсек да болот. Ал мындай ишти биринчи жолу жасап жаткан жери жок. 1987-жылы университетти бүтүп, мурдатан чыгармачыл байланыштагы “Ленинчил жаш” (ал кезде 150 миң нуска менен чыкчу) республикалык жаштар гезитине кабарчы болуп иштеп калдым. Көп өтпөй башкы редактордун орун басары Мундузбек Тентимишев (азыркы белгилүү жазуучу, журналист) жогорку партиялык мектепке окууга кетип, анын орду бошоп калды. Биз эми “бул орунга тажрыйбалуу, абройлуу журналист келет го?” деп күтүп жүрсөк, ушул Темирбек Токтогазиевди алып келишпедиби. Журналистика тармагында бир күн иштеген эмес, жазганды деле билбеген мурдагы мугалим (азыр деле чанжырап стили калыптанган эмес), ошол учурда комсомол кызматкери экен. Ар-намысы бар бирөө болсо “өзүм билбеген, тажрыйбам жок кызматка эмнеге барам?” деп баш тартмак да, а Токтогазиевге болсо, карьера эле керек экен да көрсө. Анын сыңарындай, башка абийирдүү бирөө айтмак, “ушул халтура китебиме президентке кантип баш сөз жаздырам? Мамлекеттик катчыны кантип жооптуу редактор кылам?” деп уят-сыйытты ойлонмок. Андай ой “Манастан” алган беш китептин” авторунун капарына да келбейт экен, эми мына ажону да, мамкатчыны да ыңгайсыз абалга калтырып, артынан сөз ээрчитип, талкууга түшүп калды. “Уялбагандан өзүң уял” деген ушул да. “Эми ажо баш сөз жазыптыр, мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов жооптуу редактор болуптур” деп эле улуу мурасыбызды, тарыхыбызды бурмалаган бул китепти төбөбүзгө көтөрөбүзбү, же ар-намысты жыйыштырып мактайбызбы? Жок, андай болбойт, эки дүйнө андайга жол берүүгө жарабас! Жайсаңчы кошоматчылар, эки жүздүүлөр көз боёмочулук кылып мактаса мактай беришсин, асты, принциби, ар-намысы бар кыргыз баласы кандай болгон күндө да чындыкты айтышы керек да. 

-- Ооба, Сүйүнбек Касмамбетовго жазуучу Дүйшөн Керимов катуу эле айтты го?

-- Туура айтты, себеби, факт деген терсаяк болот эмеспи, мындан жыйырма жыл мурда эле мекенибизге идеологиялык диверсия башталып, кыргызды еврейлер менен тууган кылган идеялар таратылып, андан кийин мистикага, спиритизмге, оккультизмге, магияга сугарылган, бейт формасында жазылган “Айкөл Манас” он томдук китеби “Манастын” жаңы варианты катары коомчулукка сунуш кылынып, жомокко бат ишенген баёо элибиз аны кабыл ала баштаганы чын. Профессорлор Курманбек Абакиров, Садык Алахан сыяктуу адабиятчылар коомчулукту көтөрүп, “арбак айтып берип жатат” деген китептин кашкайган халтура экендигин далилдеп жазышып, теледебаттарды уюштуруп, илимий конференцияларды, ЖОЖдордо жолугушууларды, “тегерек үстөлдөрдү” өткөрүшүп, каруусун казык кылып иштешип, анык патриоттуулуктун үлгүсүн көрсөтүштү. Ошондон кийин О.Сооронов, Э.Нурушев, Т.Чоротегин, М.Тентимишев, Р.Эшматов, Г.Орозова, К.Токтоналиев, Б.Оторбаев, Т.Алымбеков, З.Сапанов, К.Макешов, Ш.Шаршенов, Б.Таштаналиев, Мелис Совет уулу баш болгон кыргыз жазмакерлер өкүлдөрү макалаларды жарыялашып, “Айкөл Манас” китебинин халтура экендигин далилдеген элүүдөн ашык макала 2013-жылы “Улуу “Манас” жана анын фальсификаторлору” деген китепке кирген. Ошонун негизинде 2016-жылы сот болуп, “Айкөл Манас” он томдугу экстремисттик китеп каары бааланып, аны пропагандалоого, таратууга, жайылтууга тыюу салынган. “Манасты”, кыргыздын тарыхын бурмалаган бул китебинде Токтогазиев ошол экстремисттик он томдукка кайра-кайра шилтеме берип, Сагынбай, Саякбайдын классикалык варианттарына теңеп, катар коюп, баалуу булак катары пайдаланган экен. Бизде мыйзамдын жакшы иштебей жатканы ушундан эле ачык көрүнүп турбайбы. Болбосо, мыйзам боюнча Токтогазиевдин бул экстремисттик китепти булак катары колдонгонго укугу жок. Бирок мыйзамды бузуп, ошол экстремистик китепти пайдаланган. Ага тыюу салынган реакциячыл китепти өз алдынча реабилитациялоого ким уруксат берди дебейсиңби?

-- Токтогазиевдин бул китебинин негизги идеясы, дагы тагыраак айтсак, көздөгөн максаты эмнеде?

-- Темирбек Токтогазиев бул китебинде “Манасты” фальсификациялаганы аз келгенсип, эпигончулук да кылган. Аксиология, пассионардуулук маселеси профессор, КР УИАнын ардактуу академиги Советбек Байгазиевдин “Манас” эпосу боюнча фундаменталдык изилдөөлөрүндө кеңири, терең каралган да. Токтогазиевдин жазгандары ага салыштырмалуу кымыздын жанындагы кымырандай эле болуп жатпайбы. 

 Токтогазиев 2013-жылы “Айкөл Манас – тарыхый инсан” деген китебин чыгарган, ошол “...беш китепке” толугу менен кирген. Ал китебинде да биз айтып жаткан “Айкөл Манас” экстремисттик 10 томдукту даңазалап, тарыхты бурмалаган. Экстремисттик китепте Манасты Куту улук Эл төрөсү деп атап, туулган ай, жылынан бери такташкан. Т.Токтогазиев “Манастан” алган беш китебинде” “Алтай жергесинде түптөлгөн экинчи Улуу Түрк каганатынын башында Айкөл Манас турган. Ал ошол 693-жылы Куту улук Эл төрөсү Алтайдан Ала-Тоого көчүп кеткен кези болот. Эми аны Ала-Тоодогу кыргыздар “Айкөл” деп кайрылышкан. Демек, кытай жазмалары Орхон Энесайдан кутлукту жоготуп алышкандыктан, “Кутлуг Элтерес өлдү” деген маалымат жазып калтырышкан” (Т.Токтогазиев “Манастан” алган беш китеп” Б.: 2023, 132-б.). Т.Токтогазиев каратып туруп эле тарыхты бурмалап, эч кандай негизи жок субъективдүү пикирлерин таңуулап жатат. Тарыхта экинчи Чыгыш Түрк каганатын негиздеген Кутлуг Илтериш деген көк түрк каганы бар. Аны халтура он томдукта Манас деп аташса, Тонукөктү Бакай көрүшүп, тарыхты каратып туруп эле каалагандай бурмалай беришкен. Илимде айрым учурда адашуу болот, изденген киши жаңылат, мунун баардыгы табигый көрүнүш. Ал эми Токтогазиевдин “методологиясынын” өзгөчөлүгү – каратып туруп калп айтат, атайын бурмалайт. Түрк кагандары Тонукөк, Кутлуг Илтериш (аны Токтогазиев Куту Улук Эл Төрөсү деп өзү каалагандай бурмалап алган) боюнча Л.Н.Гумилев, Р.Жиро, Ф.В.К.Миллер, С.Г.Кляшторныйдын эмгектери жазылган, эгер ал кыргыз болсо, аны Токтогазиевге окшоп кызылдай калпты шыпырылтпай эле булактарга таянып, иликтеп, жазып коюшмак. Токтогазиев болсо орто кылымдагы Түштүк Сибирь аймагын терең изилдеген аалымдарды эсепке албай эле түрк каганатынын тарыхын да, Кыргызстандын тарыхын да өзү каалагандай бурмалай берген. Илимде гипотеза бир илинчектин, таяна турган булактардын негизинде иштелип чыгат. Экинчи Чыгыш Түрк каганаты кантип түптөлгөнү, кимдер курганы археологиялык, этнографиялык изилдөөлөрдүн негизинде илимде такталган, кыргыздын ал каганатка эч кандай тийешеси жок. Токтогазиев болсо изилдеп убара болбой эле экинчи Чыгыш Түрк каганатын кыргыздарга таандык кылып жатат, бирок эч кандай далили жок, карандай демагогия. Ал эми В.В.Бартольд, С.И.Киселев, А.Н.Бернштам, И.В.Стеблеванын эмгектери Темирбек Токтогазиевдин пикирин толугу менен жокко чыгарат. Анткени рун жазууларында 1300 жылдан бери кыргызды кырган Күлтегин, Билге каган деп эч ким бурмалай албай тургандай болуп ташка чегилип турса, алардын атасы экинчи Чыгыш Түрк каганатынын негиздөөчүсү Илтериш каган кантип Манастын прототиби болот? Дагы бир кызыгы, Токтогазиев беш Бээжинди азыркы Пекиндин тегерек чети катары дегеле кыргыздын буту баспаган жерлерди көрсөткөн. Академик Б.Юнусалиев жана кытай окумуштуусу Ху Чженхуа “Манастагы” Бээжин азыркы Кытайдын ички Монголия аймагында болгондугун далилдеген, анткени биздин ата-бабалар кидандар ( “Манаста” кара кытайлар деп берилет) менен кырды бычак болуп келгенин, Беш Бээжин ошол кидандардын Бээжини болгонун ишенимдүү аргументтердин негизинде көрсөткөн. Ушул мисалдардан көрүнүп тургандай, Темирбек Токтогазиев Кыргызстандын тарыхын, улуу “Манас” эпосун толугу менен бурмалаган. Анын “Айкөл Манас – тарыхый инсан” деген китебинде тарыхты “Манасты” бурмалаганы тууралуу профессор Болот Оторбаев жазып, катуу сындаган. Бул китептеринде манжурларды “кыргыз” деп өзү билип эле жазып алганын профессор Тынчтыкбек Чоротегин фактылар менен кашкайта далилдеп, Токтогазиевдин кызылдай калпын чыгарды го! Тилекке каршы, кеп жебеген Токтогазиев “Манастан” алган беш китебинде” демагогиясын ого бетер тереңдетип, фальсификациясын ого бетер күчөтө берген экен. 

-- Аске, “Манасты” силер коргоп жатасыңар, Манас академиясы, анын президенти Талантаалы Бакчиев коргобойбу?

-- Суке, сен билбейт турбайсыңбы, Талантаалы Бакчиев өзү жайсаңчы болсо, кайдан коргойт?.. Ал ушул жайсаңчылардын анабашы болуп жүргөн мударис Кусейин Исаевдин шакирти. Бакчиев “Введение в манасоведение” (2008) деген китебинде биринчилерден болуп, Бүбү Мариямга суктанып, Жайсаңды жогору баалаган. Асмандан Жайсаңдын арбагы айтып, “Бүбү Мариямдын “Айкөл Манас” деген жаңы варианты пайда болду” деп даңазалап, макала жазып, китебинде да мактап жүргөн ушул Талантаалы Бакчиев болчу. 2012-жылы жайсаңчылар дипакадемияда Бүбү Мариямдын халтура 10 томдугун коргоп конференция өткөргөндө, алардын төрүндө отуруп алып “Манас” айткан да ушул Бакчиев. “Бүбү Мариямдын “Манасы” – ХХI кылымдын “Манасы” деп жар салып, 2016-жылы кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров пресс-конференция уюштурган. Журналист Мелис Совет уулу “Абдыжапаровдун айтканы туурабы?” деп Талантаалы Бакчиев баш болгон манасчыларга суроо узатса, “оозунун желин, убактысын аяп, салкын карап, кайдыгер мамиле жасап, манасчылардын бири дагы Бүбү Мариямдын “Манасы” жалган “Манас” деп айтканга жараган жок” деп нааразы болуп, “Манасты” жамынган манасчылар” деген макаласын жазган. Биз “Манасты” коргойбуз” деп жайсаңчылар менен жаман-жакшы айтышып, кызыл кыргын, сары сүргүндө жүргөндө Талантаалы Бакчиев жеңин түрүп бычакка түшүп, “Манасты” коргогонду мындай кой, “маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын алам, илимдин доктору болом” деп чуркап жүрбөдүбү! “Манастын аркасы менен үй алды, наам алды. “Манас” менен агарып-көгөрүп жаткан Талантаалы Бакчиев “Манасты” бурмалаган фальсификаторлорго, жайсаңчыларга каршы бир ооз сөз айтканга жараган эмес, “Манасты” коргобой кара башын ала качып жүргөн. Анан ушинтип “Манаска” күйбөгөн Талантаалы Бакчиевдин Манас академиясына президент болуп барганга моралдык укугу да жок болчу.

-- Анан кантип президент болуп барып калды?

-- Эми бул альянстын кишиси да. Балким жайсаңчылар алып барды... Бул да Темирбек Токтогазиев менен эле ээрчишип жүргөн пикирлеш, жакын санаалаштарынан. Ж.Баласагын атындагы КУУда Талантаалы Бакчиевдин диссертациясына талкуу жасалганда Темирбек Токтогазиев баш болгон бир топ жайсаңчылар күйөрман болушуп, Бакчиевге көңүл айтып жүрүшкөн.

-- Кызык, эмне болду эле?

-- Бакчиев адегенде политологиядан докторлугун коргойм деп “Манас” жана саясат таануу” деген темадагы ишин талкууга койгон. Политологдор принципиалдуу эл болот экен, ортого киши салганына, жетекчиси Кусейин Исаевдин аброюна карабай, “диссертация жарабайт” деп бүтүм чыгарышты. Ошондо кафедра башчысы, профессор М.Артыкбаев: “Иш өтө начар экен. Өткөргөнгө болбойт ”деп ачык айткан. Ошол жерде Темирбек Токтогазиев Бакчиев менен шилекей алышкан Аккан дос экенин көргөнбүз. 

-- Диссертациясы жарабай кулап калса, анан кантип илимдин доктору болуп алды?

-- Талантаалы Бакчиевдин “Кыргызские эпические сказители” (2015) деген китеби фольклор боюнча доктордук иши. Бул китеби тууралуу силердин гезитиңерге 13.10.16 “Дилетанттын диссертациясы, же манасчыны медиумга айланткан алхимия” деген сын макала жарыяланган. Оркойгон теориялык кемчиликтери көрсөтүлүп, илимдер академиясында чоң талкуу болгон. Себеби, Б.Бакчиевдин диссертациясы жалаң фактографиядан турат, эмпирикалык деңгээлде жазылып, манасчылык өнөрдү мистика, спиритизм, оккультизм менен тыгыз байланышта карап, айтуучулукту фальсификациялаган, иштин теориялык, методологиялык базасы жок. Докторлук эмес, кандидаттык иштин да деңгээли жок болчу.

-- Андай жарабаган диссертацияны ал кантип коргогон?

-- Экс-депутат Каныбек Иманалиев, Эмилбек Каптагаевдер кадырын салышып, ортого түшүп жатышып, ЖАКка чейин барышыптыр. Анан “айтылган кемчиликтердин баарын оңдойм” деп диссертациялык кеңеште убада берип, жактагандан кийин анын бирин жасабай, аларды “кайдан көрдүм кара эшек” дегендей кылып эле кетип калыптыр. Анан баягы таз кейпине кайра түшүп, кайып дүйнөсүн, аалам сырларын даңазалап, арбактарды классификациялап жатканын көрүп эле жүрбөйлүбү. Бакчиевдин “теориясы” боюнча “Манасты” арбактар вибрация жолу менен тиги дүйнөдөн манасчыларга жөнөтөт. Башкача айтканда, Жайсаңдын арбагы Бүбү Мариямга халтура 10 томду диктовать эткендей эле кеп.

 Саентологиянын негиздөөчүсү Хаббарддын дианетика окуусу менен жашаган Эрнест Абдыжапаров “Саякбай” фильминде да кайып дүйнөнү даңазалап жатпайбы. Темирбек Токтогазиев, Талантаалы Бакчиев жана Эрнест Абдыжапаров үчөө ошол саентологиянын идеологиясын ишке ашыруу үчүн “Манасты”, манасчылык өнөрдү бурмалашып, Бүбү Мариямдын чачпагын көтөрүшүп, этегине намаз окушуп, аны мүлдө кыргыз сыйынган периште кылабыз (!) деп кара жандарын карч уруп иштеп жатышат. Жайсаңчылардын саентология сектасы менен түздөн-түз байланышы бар экени окумуштуулардын Кыргыз Республикасынын президентине кайрылуусунда кеңири айтылган. Кой терисин жамынып, экстремисттик идеяларды таратып жүрүшкөн Эрнест Абдыжапаров, Темирбек Токтогазиев, Талантаалы Бакчиев сыяктуу жайсаңчыларга чечкиндүү чара көрүлүшү зарыл!

 
Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер