Кемпир-Абад маселесинен кийин Тажикстан тарап жөн жатпайбы?


Коңгуроо кагалы. Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычын алмашуу иши коомчулукта эки ача пикирлерди жаратты. Кандай документтер каралганы ачык-айкын жарыяланган эмес. Ортодон келишпестиктер чыгып, күтүүсүз ыкма курчуп, күрөшкө айланып, отузга жакын саясатчы, активисттер камалып кетишти. Бийлик менен оппозициянын талашы, кармашуусуна көпчүлүк катмар аралашкан жок. Кайсы тарабына чындык ыктаганын мезгил көрсөтөт. Толук кандуу маалымат дээрлик жете элек. Асыресе, түпкүрдө эмне мандем жатканын айтууга эрте. Бирок, өкүнүчтүү жагдай, тышкы саясатыбызга бул көрүнүштүн таасири тийбейби? Кооптуу суроолор жаралууда. Эгерде Өзбекстандан 19,2 миң гектар жерди кайтарып, Кемпир-Абадды аларга берсек, жыйынтыгын кандайча күтөбүз? Карт тарых астында утабызбы же уттурабызбы? Бул жагын бийлик элге ачык түшүндүрүп бериши шарт. Баса, алмашуу иши бүткөндөн кийин Тажикстан тараптагы чагымчыл күчтөр кайрадан чек ара чатагын башташпайбы? Бул боюнча эл арасында ар кандай кооптонуулар, божомолдор айтылууда. Өзбекстан менен чек араны тынчтык жолунда чечип алсак, Тажикстан кандай кадамдарга барышы мүмкүн? Эки ирет баскынчылык жасашып, кан төгүшүп, жүзгө жакын адамдарды, аялдарды, балдарды өлтүрүштү. Үйлөр, имараттар, социалдык объектилер, мектеп, бала бакчалар өрттөлдү. Тараптарда кек, ачуу маанай сакталып турат. Мындай шартта ички биримдик, куралдуу күчтөрүбүздүн кубаттуулугу, аскер техникаларыбыздын жетиштүүлүгү маанилүү. Согуш болбосун! Бирок мамлекеттүүлүктү сактоодо бекем турушубуз зарыл.
"Азия Ньюс" гезити











