Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кавасаки синдромуна окшош оорудан эки, үч жаштагы балдар чарчап калышты

Кавасаки синдромуна окшош оорудан эки, үч жаштагы балдар чарчап калышты

02-октябрь, 13:32
2 623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстанда кавасаки синдромуна окшош оорудан эки жана үч жаштагы эки бала чарчап калды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Казакстандын «Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борборунун» башчысы Риза Боранбаеванын айтымында, ата-энелери балдарды ооруканага кечирээк алып келгендиктен, алардын өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Мындан тышкары, балдар кошумча кызыл жүгүрүк (красная волчанка) илдети менен да жабыркашкан.

Дарыгерлер кавасаки синдромуна окшогон оору жаңы типтеги коронавирустан айыккан балдарда пайда болуп жатканын билдиришүүдө. Чарчап калган эки бала да бир нече жума мурда COVID-19 менен ооруган.

Боранбаеванын айтымында, Казакстанда кавасаки синдромуна окшогон мультисистемалык ооруга чалдыккандардын саны 41 балага жетти. Алардын баарында тең коронавируска каршы антитела пайда болуп, 37си айыгып чыкты.

“Коронавирус жуктуруп, андан жеңил айыккан балдар кавасакиге окшогон мультисистемалык ооруга чалдыгып жатышат. Эгер коронавирустан айыккандан кийин эки-алты жуманын ичинде баланын денесинде кызыл тактар пайда болуп, дене табы жогоруласа, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Мындай учурда диагноз өз убагында коюлуп, баланын айыгып кетүү ыктымалдыгы жогору болот”, - деди ал.

Казакстанда балдар кавасакиге окшогон мультисистемалык ооруга кабылган алгачкы учур 4-августта катталган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер