Ахматбек Келдибековго карата кытмыр саясат качан токтойт?


Коомчулукта бүйүр кызыткан Ош шаарындагы “Байсан” рестораны жөнүндө учкай кеп кылалы. Ахматбек Келдибеков бул боюнча жооп бериптир. Ресторан жеңесине тийешелүү экен. Убагында жер тилкеси мыйзамдуу сатылып алынган, Жогорку Соттун чечими бар. Имарат Союз мезгилинен бери кафе жана дүкөн катары иштеп келгени маалым. Мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев ресторанды туура эмес курулганын айтып, бирок кайра кечирим сурап, жаңылыш сүйлөгөнүн моюнга алган.
Ошентип, жеке менчик кол тийгис экени унутулуп, бизнести каалагандай кысымга алуу башталдыбы? Ахматбек Келдибековго байланыштуу кандай гана маселе чыкпасын (жасалма иретте ойлоп табышып), ага карата чабуулдар күчөйт. Бийлик машинасынан баштап, “фейк фабрикаларына” чейин жабылышып, коомчулукка жаман көрсөтүү машакаты уланып келет. Мисалы, береги ресторандын мыйзамдуу иштешине шарт түзбөй, талкалап салуу кимге пайда? Көшөгө артынан берилген буйрукпу? Ош шаарынын мэри Жанар Акаев убагы келсе жооп береби? Айтор, бул жерде чалмакей чалынды окшойт.
Кыскасы, соңку убакта Ахматбек Келдибековго карата кытмыр мамиле уланып, беделин түшүрүүгө аракеттер көрүлүүдө. Ал саясаттан тышкары жүрсө деле Жанарга окшогондор жармашып, “кылдан кыйкым” издеп жатышабы? “Эртеңки күнү коркунуч жаратышы мүмкүн” деген алсыз ойдогулар качанкыга чейин ыңгайсыз тартып жашашат? Ахматбек мырза саясаттан оолактаган сайын болбой эле “кан майданга” тартуунун сыры эмнеде? Жакында чечмеленсе керек...










