Мырзалардын акылга сыйбаган адаттары

Кемчиликсиз адам болбойт жана айымдар деле жаңылыштык кетирет. Бирок, мырзалар кээде аялзатын акылга сыйбаган адаттары менен таңгалдырып келишет. Айымдардын кыжырын келтирген мырзалардын кээ бир адаттары:
Элдин көзүнчө гигиеналык нерселерди жасоо
Сөзсүз, бардык эле адамдар кулагын тазалап, мурдун чукуп же ич кийимдерин оңдоп жана тишин тазалашат. Бирок, кээ бир эркектер муну кинотеатрда, кафеде, досторкон үстүндө, унаа айдап баратып же кызы менен паркта эс алууда жүргөндө элдин көзүнчө жасашат. Айымдардын алдында жасалган мындай кыймыл аракеттер деги эле бардыгынын кыжырын келтирет.
Компьютер жана телевизор
Көптөгөн заманбап мырзалар бош убактыларында диванга жатып алып, колунда сыра шишеси же пульт менен өткөрөт. Ал эми демалыш күндөрү кезектеги онлайн-оюну менен алектенет. Бирок айымдарды өтө кыжырданткан нерсе – мырзалардын сайттар менен алаксып, интернеттен таанышуу бурчтары менен кат жазышканы. Көптөгөн аялдар күйөөсү үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурушун каалайт.
Туура тамактанууну билбөө
Каршыңдагы адамдын чалпаңдатып тамактанып, оозунан баары чачырып турганы эч кимге жакпайт. Айрыкча тамактанып жатканда абайлап сүйлөп, ыктытып же жөткүрбөөгө аракеттениш керек. Тамактангандан кийин колун ичине коюп катуу кекирген да туура эмес. Ушунун баары кафе же ресторанда болгону өтө эле жаман. Мындай учурда ар бир аял уятынан жерге кирип кете жаздайт. Бирок, азыркы заманбап жашообузда мындайлар сейрек кездешет.