Автобекеттин айынан карапайым эл Айбек Жунушалиевге наалат айтышууда
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев алысты көрө билбей, же буйрукту аткаруу менен алаңгазар жүрүшүн көрсөттү. Шаардын сыртына автобекетти чыгартып салып, аймактарга кеткен жүргүнчүлөрдү кыйнап, кыйын кырдаал жаратты. Көчүргөн жеринде эч кандай шарт жок. Белчеден баткак, баш калкалай албайсың. Суукта эл ай-талаада темселеп, шору кайнап жатканы жашыруун эмес. Бул боюнча окурмандар чалышып, нааразычылыктарын билдиришүүдө. “Бийликти көпчүлүккө жаман көрсөтүп, “суук тумшук” кылмай болду. Айлабыз кетти, кыйналдык...” деген адамдардын арыз-даттанууларын угуп атып, жан кашаят. Ушунчалык да кас саясат кылабы? Эски автобекеттин орду кимдир бирөөнү кызыктырып атса, жок дегенде башка жерден элге шарт түзүп, анан жылдыруу ишин жасабайт беле? Ушунчалык кайдыгерликке, карасанатайлыкка бардыбы? Аймактарга каттаган миңдеген адамдар мэр Айбек Жунушалиевге наалат айтышып, бийликти жаман көрүп жатышат. Кичине акыл калчашса не?..
"Азия Ньюс" гезити