Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Фарида Карбосова Назира Бердигуловага: “Сендей болуп, эрден эрге тийип бала төрөө эрдик эмес”

Фарида Карбосова Назира Бердигуловага: “Сендей болуп, эрден эрге тийип бала төрөө эрдик эмес”

09-декабрь, 15:16
3 455 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы кездерде чыгармачыл инсандардын ушак териштирип,  бири-бирин урушкан сөздөрүн интернет тармактарына жайылтканы адатка айланды. 

Кыргыз эстрада ырчысы Фарида Карбосова актриса Назира Бердигулова экөөнүн урушун интернетке жарыяланды. Ырчы Фарида Карбосова айым инстаграм баракчасына чыгармачылыктагы сиңдисине кайрылуу жазып чыкты.

“Урматтуу достор, бүгүн ушундай жаным карайган күндө жашап жатам. Эч кимди баракчам аркылуу жамандаган эмесмин. Бүгүн жарылууга аргасызмын 

Өзүмдүн Таластык сиңдим, апчелеп жүргөн актриса Назира Бердигулова чыдамымдын чегинен чыгарды. Мени акылга сыйбаган ушактарга кошуп, айтпасам да айттырып, жакшы адамдарыма жаман көрсөтүүдө. Улуу апчеси катары тартипке чакырайын деп байланышсам оозуна ак ит кирип, кара ит чыгууда.

“Эй апче, менин үч балам бар. Мен бала эмгизген бийик аялмын”-деп кекээрлеп боюн көтөрөт. Баланы ит да тууйт, бала Аллахга аманат. Бала менен эч ким башкаларды кемсинтпеш керек. Кудай мага ушундай пешене жазыптыр, баланы кол менен жасап аламбы? Бала деген Кудай берчү иш. Кудайдан үмүтүм бар, мен дагы балалуу болом, буюрса!

Былтыр бекен, журналист Баяна Кулованы да ушундай сөздөрдү айтып кемсинтип урушуп, сүрүштүрүп кырылышып жүрүшкөн. Маани бербепмин, көрсө чын тура.

Аягында айтаарым Назира, балдарыңа сөз тийгизбейм, алар периште. Бирок сендей болуп, аягы суюк деген ушакка оронуп, үч эмес бир бала төрөгөндөн Кудай сактасын. Балдарың чоңойсо ошол ушактар уу болуп сага айтылат шашпа али. Сендей болуп, эрден эрге тийип бала төрөө эрдик эмес!! Башка аялдарды кемсинтпей, эми бөлөктөрдүн бүлөсүн бузбай тынч жаша!!

Эгер тынч жашабай, адатың, калп-чын аралашкан сөзүң уланса мага таарынба. Тарыхыңды азыркы эриңе чубап беришим мүмкүн. Күйөөң билбейт дейсиңби, былыктарды, өткөн кеткен көңүл ачууларды. Ушул ыплас сени менен жашап жүргөн ошол жигитке рахмат!! Эсиңди жыйна сиңдим, энеңди тааный элегиңде!”-дейт Карбосова.

Ал эми актриса Назира Бердигулова кандай жооп жазат белгисиз.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер