Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Акматбек: “Бажы тармагы кардиналдуу өзгөрүүгө муктаж”

Руслан Акматбек: “Бажы тармагы кардиналдуу өзгөрүүгө муктаж”

13-декабрь, 09:00
399 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы тармагы толук санариптешүүгө өтүп, аткезчиликке каршы чаралар жолго салынганын жарыялады. Ал эми депутаттар жана саясатчылар бажыдагы көмүскө иштер дагы деле иштеп жатканын, бажы жетекчилери улам алмаштырылып, аткезчилик агымдарын көмүскө көзөмөлдөө өнөкөтү күчүндө экенин айтышууда. 

-- Бажы тармагында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей өзгөрүү болдубу? 

-- Негизи бажы тармагы, жол коопсуздук кызматы сыяктуу укук коргоо жана фискалдык органдар азыр системдүү өзгөрүүгө муктаж. Бул иште видеобайкоочу камералар жөнөкөй эле көмөк берип, техникалык жактан колдоо көрсөтө алат. Баардык өлкөлөрдө эле ушундай. Ал эми мына ошондой эле техникалык каражаттар аркылуу будамайлоонун толгон-токой жолдору бар. Мында кадрдык саясаттан баштап, аткезчиликти ооздуктай турган механизмдер, иш алып баруу принциптери, баалуулуктар киргизилиши кажет. Азыр мына ошолордун баардыгы мурдагыдай эле калды да. Бул тармакта системалуу өзгөрүүгө алып келген реформа болгон жок. Ошондуктан видеобайкоочу камералар аркылуу гана жыйынтыкка жетишүү кыйын. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер