Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Жаран иш учурунда жаракат алып калса, компания толугу менен камсыздандыруусун төлөп берсин”


-- Дастан Артисбекович, бүгүн өнөр жай компанияларын өз кызматкерлерин камсыздандырууга милдеттендирген мыйзам долбоору айрым депутаттардын каршылыгына, “экинчи окуу режимине кайра кайтаралы” деген сунушуна карабай, үчүнчү окуудан кабыл алынды. Бул долбоор боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Азыр сунушталып жаткан мыйзам боюнча иш берүүчүлөр жумушка алып, контракт түзүп жатканда камсыздандыруусу кошо төлөнбөсө, юридикалык жана жеке жактарга айып пул салынат экен. Кеп иш берүүчүлөр тууралуу болгон соң, баарын тактап, мыйзамдарды комплекстүү алып келиш керек эле. Ошон үчүн мен “башка мыйзамдарды кошо алып келбесеңер, бул мыйзам ишке ашпай калат” деп айттым. “Айыл чарбасында фермерлер күнүмдүк жумушчуларды, мисалы, механизаторлорду, малчыларды жалдайт. Анын механизми кандай болот? Эртең аларга барып, “мыйзамды аткарбадыңар” деп айып пул талап кылбайбы?” деп сурасам, алар “бул долбоордун айыл чарбасына эч тийешеси жок, өндүрүштүк ишкана, завод иштеткендерге гана тийешелүү” деп айтышты. Заводдо иштегендер камсыздандырылгандыгы туура эле деп ойлойм. Себеби, бир жаран иш учурунда жаракат алып калса, компания толугу менен камсыздандыруусун төлөп бериш керек. Ага чейин жумуш берген адам (ал мейли фирманын, же ишкананын ээси болобу) ай сайын жумушчунун айлыгынын кандайдыр бир пайызын которуп турат экен. Ал эми айыл чарбасында бир аз башкачараак. Анткени, бул тармакта жумуш күнүмдүк. Үч-беш, он күндүк болуп калат.
-- Анда суроо туулат: эмне, айыл чарбасында бөөдө кырсык дегендер болбойбу?
-- Камсыздандыруу жагын алардын эркине коюш керек. Бүгүнкү күндө биздин жарандар, айыл чарбасында иштеген дыйкан-фермерлер ага даяр эмес.
-- Дагы бир суроо: камсыздандырууну ким жүргүзөт? Жумуш берген ишканабы, же жалданган киши өзүбү?
-- Жумуш берген ишкана. Эгер камсыздандырбай койсо, айып пулду да ошолор төлөйт.
"Азия Ньюс" гезити











