Култегин залкар акын Садыковду отуз жаш кичүү Сокеге тең ата кылып таштаганда

Эки күн мурда УТРКнын маданият каналында Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгына карата эскерүү программасы уюштурулду. Берүүгө келгендер акын жана драматург агабыз тууралуу жылуу сөздөрүн айтышты. Жакшы эскерүүлөр уланды. Бизди таңгалдырганы, акын Кожогелди Култегиндин ушул берүүдөгү сөзү болду. Эл акыны К.Култегин Ж.Садыковду эскерип жатып, акын менен Сооронбай Жээнбеков экөөнүн ортосундагы ысык мамиле тууралуу айтып келип, “Сооронбай “Жалил” деп эзилип бир башкача айтчу эле” деп Сокени сөзгө кыпчып, колуна берген ашты жөндөп жей албаган Сокеге кыл жугузбай, залкар акынга теңата кылып таштады. Эгер Соке ошентип улуу акынды атынан атаган болсо, наркты, салтты билбеген жетесиздиги да. Анткени, Жалил Садыков андан 30 жаш улуу, анан атасындай болгон кишини кантип атынан айтат, бул ата-эне тарбиясын көрбөгөн кишинин жасай турган жосуну го?.. Же Кожогелди Култегин бузук телефон болуп жатабы, куудулдар айтмакчы, шляпа менен плащ кийген кара-кулжалыктар чоңдорго мамиле түзгөндү жакшы билишет эмеспи, ушул жерден Сокенин көзүнө бир көрүнүп алайын деген окшойт. Кожогелди Култегин бул мамиле кандай башталганын, эмне болуп алар жакын болуп кетишкендерин да түшүндүргөн жок. Досун сатып, учтан түпкө кепке калган Сокени бир мактап алганына сүйүнүп отурду сыягы.
Акын менен Сокенин ортосундагы мамиле бизди да кызыктырды, Соке же ыр жазбаса, же Пушкиндин ырын жатка айта албаса, кайдан жүрүп, калемгер менен ашына болуп жүрөт? К.Култегинге окшоп саясатташтырбай эле биз бул мамиленин сырын чечмелеп көрдүк. Көрсө, Жалил Садыков адигиненин бөрүсүнүн таздарынан, Соке болсо жорунун теңизбайынан болуп, тууган чыкты. Ашыналыктын сыры көрсө ушунда экен.
"Азия Ньюс" гезити