Жалолидин Нурбаев, ЖК депутаты: “150-200 жылга чыдай турган жолдор салынууда”


-- Жалолидин Паязидинович, жакында эле сиз көп жыл жетектеген Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндө тажрыйба алмашуучу семинар болуп өттү. Башка айыл өкмөттөрү сиздерден кайсы саамалыктарды үйрөнсө болот?
-- Семинар “Жергиликтүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттардын катышуусу” деп аталып, ага республикабыздын ар бир районунан экиден айыл өкмөт башчысы, акимдин биринчи орун басарлары катышты. Биз айыл өкмөтүбүздө жасалган иштер тууралуу айтып, жеринде көрсөтүп бердик. Мисалы, окуучу балдарды ташуу үчүн автобустарды жергиликтүү жамааттардын жардамы менен алганбыз, бюджеттен эч кандай каражат кеткен эмес. Айдоочулардын айлыктарын да жергиликтүү жамаат төлөйт, айыл өкмөтү соляркасын гана чечип беребиз. Айыл өкмөтүнө тракторлорду алдык. Максат – аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү. Азыр өзүңүздөр билесиздер, бир гектар жерди айдоо 8 миң сомго чейин чыгып кетти. Биздин тракторлор болсо бир гектарын 3500 сомдон айдап беришет. Андан тышкары, бир демөөрчүбүз Daewoo Damas үлгүсүндөгү машиналарды лизинг түрүндө алып берди. Жүргүнчүлөр кайсы жерге барса дагы жол кире 10 эле сомдон. Айдоочулар анын акысын ай сайын төлөп отуруп, үч жылдан кийин машина алардын өздөрүнүн менчигине өтөт. Жолдорду таш менен салууга өткөнбүз. Кудай буюрса, 150-200 жылга чыдай турган жолдор салынууда. Ипотекалык турак жайларды курууну баштадык. Араб инвесторлорунун жардамы менен курулган кийим тигүү цехибиз бар. Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүнүн бюджети 137 миллион сом болсо, анын 80 миллион сомго жакынын цемент заводу берет.
-- Сиздердин багыңыздарга айыл өкмөтүнүн аймагында цемент заводу бар экен. Ал эми мындай ишканалары жок айыл өкмөттөр дотациядан кантип чыкса болот?
-- Бул жагы ар бир айыл өкмөтүнүн шартына жараша. Кайсы бири мөмө-жемиш иштетүүчү ишкана курса болот. Айтор, ар биринин өзүнө жараша мүмкүнчүлүгү бар. Изденип, аракет гана кылуу керек. Кантип изденүү керектигин биз семинар учурунда айтып бердик.
Максат Калыков, Араван району
"Азия Ньюс" гезити











