Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев кыйноого кабылганы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү

Атамбаев кыйноого кабылганы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү

07-июнь, 17:21
363 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге күч колдонулганы тууралуу маселе бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгү талкууланган отурумда көтөрүлдү.

Депутат Гуля Кожокулова “Атамбаев кыйноого кабылганын айткан. Жыйынтыгы кандай болду?” деген суроосуна улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөнүн, жообун күтүп жатышканын, жаза аткаруу кызматына жана саламаттык сактоо министрлигине да маалымат берилгенин айтты.

Кожокулованын окуя мартта болгону, азыр июнь айы экени тууралуу суроосуна Рысбеков “тилекке каршы, кээде жооп алыш үчүн бир нече жолу жазып кайрылууга туура келет” деп жооп берди. Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев текшерүүнүн жыйынтыгы качан белилүү болору тууралуу суроого жооп берип жатып, “анын өз процедурасы бар. Текшерүү жүрүп жатат. Зарыл болсо текшерүү мөөнөтүн узартабыз” деп билдирди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер