Каныбек Осмоналиев: “Президент кол коюп, тил боюнча мыйзам иштей баштады”
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы менен маек.
-- Тил боюнча мыйзамга сиздин аракет абдан чоң болду. Учурда кыймыл башталып, жакшы жылыштар уланууда. Муну коомчулук кандай кабыл алууда?
-- Сиз кызыккан мыйзам – бул табияты боюнча конституциялык макамга ээ болгон, 40 беренеден турган өзгөчө документ. Биринчи мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынып, 34 жылдан бери жашап келди. Ачыгын эле айтайын, бул документ СССРдин учурунда жаралып, конъюнктуралык мүнөзгө ээ болчу. Албетте, өз учурунда мындай мыйзамды өткөрүү дагы өзүнчө эрдик болгон.
Азыркы мыйзамды кыргыз коомчулугу, анын ичинен тилибиздин күйөрмандары жакшы кабыл алышты. Мыйзамда муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге катуу талаптар коюлууда (5-10-39-беренелер). Мурда талаптар "мамлекеттик же расмий" тилдерде коюлат деп, "же" байламтасы менен коштолуп, арабөк түшүнүктөр орун алып келсе, бул жолу мамлекеттик тилдин мыйзамдуу макамы биринчи орунга чыкты! Баардык тармактарды камтыган катуу талаптар бар. Президент кол коюп, мыйзам иштей баштады. Биздин эмки максатыбыз ар бир берененин күжүрмөн иштеп кетишине багытталат. Биз бул талапты кыябына келтире аткара алабыз (!) деген ишним бар экендигин баса белгилеп кетүүм керек.