Бир төшөктө жаткан күйөөм башка аялды эңсеп, үшкүрүнөт...
Бир жарым жыл мурун жолдошумдун мага болгон чыккынчылыгы жөнүндө билдим. Буга чейин анын мага болгон мамилеси өзгөргөнүн сезчүмүн, бирок бул кыйналганына, жумуштагы көйгөйлөргө байланыштуубу (?) деп ойлочумун...
Тилекке каршы, таптакыр башка көрүнүштүн күбөсү болдум. Мындай көйгөй биздин үй-бүлөдө кездешкенине таңгалдым. Бирок жашоо мага да терс карады. Менин күндөрүм тозокко айланды. Мен эмнени башымдан өткөрдүм жана азыр кантип жашайм?.. Аялдык сезимим кантип кыйналганын бул бактысыздыкка туш болгондор билишет. Бул чоң жоготуу, чыккынчылык...
Анын башка аялга карата сезими бар экенин, мени менен балдары үчүн гана жашап жүргөнүн акыры ачыкка чыгарды. Бир төшөктө жатып, күйөөмдүн ою башка аялда. Үшкүрөт. Анысын ойлойт. Сыртка чыгып, тамеки тартат. Мага бул тозоктон көрө, ал аялга кетип калганы оң болчу. Бирок балдарын таштагысы келбейт. Элдин сөзүнөн чочулайт. Бир чети ушул дагы жашообу? Бирин-бири жек көрүү менен бирге түтүн булатуу туурабы? “Ага жолобо!” деп эчен курдай сурандым. Түбөлүк биздин жашоого анысы жабышып калгандай, таштай албады. Ошентип, сыртымдан жылмайганым менен жагымсыз жашоодо эзилип келем...
Аниса
"Азия Ньюс" гезити