Акыркы кабарлар
» Коом » Жаңы жыл жана ураган шыптар
Жаңы жыл жана ураган шыптар
26-декабрь, 09:17
411 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылындагы мектептин шыбынын бир бөлүгү окуучулардын майрамы болуп жаткан маалда түшүп кеткен. Айтымда, мектеп 1962-жылы курулган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.
Москва районун акими Өмүр Ногоев “ремонтко даярданып жатканбыз, бирок жаңы жылдык майрам залда өткөрүлгөн. Балким музыка катуу чыгып, ал жактагылар бийлегенден улам шып түшүп кетиши ыктымал. Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок. Майрам дароо токтотулду. Эртең башка жер караштырабыз” деди.
“Азия Ньюс” гезити