Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Поэзиядагы жалган пафос, жасалма ыргактар

Поэзиядагы жалган пафос, жасалма ыргактар

20-сентябрь, 21:55
1 934 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кыргыз Эл акындары Шайлообек Дүйшеев, Кожогелди Култегин, Абдыжапар Эгембердиевдин алешем ырлары жөнүндө учкай сөз)


(Уландысы. Башы өткөн сандарда)


Эми мындай азгырмалуу саптар акындын ырларында огеле көп. Лирикалык каарман аялзатына сыртынан суктанып, кыялында аны менен болуп, ырахаттанат, бирок, айчырайлуу кермекаш менен анын ортосунда руханий байланыш жок. Ушундан улам окурман ал перизаттын жандүйнөсүн, мүнөзүн, көз карашын, тагдырын билбейт, кандай каарман экенин да элестете албайт. Себеби, автор каармандын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн ачып бере албайт. Акын сулууларга суктанат, бирок ал сырткы гана таасирлер, себеби ыр саптарында акындын көкүрөгүн куйкалаган сүйүү жалыны жок, анын ырларындагы махабат мотивдери күйүп бүтүп, табы жок калган чычаладай түтөп турат. Лирикалык каарман өксүп, күйүп жаткандай бечара болуп көрүнгүсү келет, бирок мунун баары жасалма. Мисалы: 

Сен алыста, сен алыста болгонго

Селкилерди жанымдагы жек көрөм.

Же: Алыс жүрсөң сезээр элем өзүмдү

Алыскы бир филиалың сыяктуу, - деген риторикалуу жасалма саптар акындын сүйүү темасындагы ырларында көп кездешет. 

Эң башкы маселе – Кожогелди Култегин инсан катары өзүнүн ырларынан көрүнбөй жатканында. Бул албетте, анын өмүр таржымалы ырларында кайталанышы керек деген сөз эмес. Ал көркөм жалпыланып, синтезделген таризде чагылышы кажет. Ошон үчүн анын ырлары автордук башталмаларга чукак, олдоксон уйкаштардан турган сенек ыр саптарына табигыйлык, чынчылдык кеселдин көзүнөн учкан дарыдай эле жетишпейт. Акын поэзияга ылайыгы жок, айтууга болбой турган көрүнүштөрдү деле “тарс” эттирип айтып салат. Ушундан улам ырдын эстетикалык ажары күңүрттөнүп, көркөм табиятындагы өксүктөр, поэтикалык сезим өлчөмүндөгү алешемдиктер ачыкка чыгат. Мисалы, “Кемпир” деген ырында: 

Ак жоолугу – акыл анык,

нарк анык, - деп жакшынакай баа берип келатып эле анан: 

Бир карасаң кадимкидей чочуйсуң, 

Келемишке, чычканга

Кемпирдин ал башын даана окшотуп, - деп терс кайрып, окурмандын көңүлүн иренжитип, үч көчкөн журттай кайт кылат. Автордо эстетикалык сезим ченеми жайында эмес, бирде аша чаап кетсе, бирде кемип, гармония жарата албайт. Акындын “Коңтаажынын сүйүүсү” поэмасы биринчи жактан баяндалып, лирикалуу чыккан, бирок үстүрт сыпаттоолордон турат. Каармандарды реалдуу сүрөттөөлөр жок, ошон үчүн алардын көз караштары, жеке сапаттары ачылбай, иш-аракеттери, мамилелери бүдөмүк. Поэмада тарыхый доордун белгилери, эпикалык арым байкалбайт, историзм принциби сакталган эмес. Акын Мактымдын көкүрөгүн, соорусун, буралган кыймылын, кымча белин өз-өзүнчө тамшанып сыпаттайт, бирок, каармандын жандүйнөсүн ачып берген гармониялуу портретин, жандуу образын жаратууга шаасы жеткен эмес. 

 К.Култегиндин 2019-жылы жарык көргөн “Атчан китеп” деген ырлар жыйнагына акыркы мезгилде жазган ырлары кирген. Бул китебинде акындын ырлары тематикалык жагынан кыйла байыган. Ал дүйнө кезип, алыскы сапарда, чет жерде жүрүп бир топ ыр жазган. Мисалы “Эйфел мунарасы” деген ырын окуп көрөлү:

Түбүнө келип Эйфелдин

Түгөнөөр окшоп телпейдим.

Керилте ачтым көзүмдү,

Кээ бирде неге керсейдим? - акын Париждин кооздугуна суктанып жатып, эс-учун жыя электе жазганбы, айтор, бул ырдын төрт сабы төрт жакты карап калган. Көз жоосун алган Эйфелдин түбүнө барып лирикалык каарман “телпейип” калганы эмнеси? Анын көзүн “керилте ачканын” кандай түшүнөбүз? Кулач керилет, дене бой керилет, ал эми көздүн керилгени бул “жаңылык”. Анан да өзүнө-өзү түшүнө албай “керсейгенин” Эйфелдин жанынан эстеп жатканынан улам атактуу мунара автор үчүн абийир соту болуп жатабы (?) дегенге эч кандай негиз жок. Иши кылып, маанисине шааниси келишпеген бул саптарды акын өзүн зордоп, кыйнап жазганы ачык байкалып турат. “Түрктөрдүн Стамбул” деген ырын окуп көрөлү:

Мечиттер – багбандардай... жардамчы окшоп...

Мээлерди метродой алган коштоп,

Тарыхый жерлерди ана имараттар,

Олжодой басып жатат арстанга окшоп.

Бул ырда да саптардын бири-бири менен эч кандай ички байланышы жок, маани-маңызынан ажыраган супсак сөз тизмектери. Тарыхый шаардын бир үзүм элеси, колорити да көрүнбөйт. “Ак деңиздин жээгинде”, “Анкаранын токою”, “Анкарадан Стамбулга”, “Түркиядагы аскерге узатуу” деген ырлар да жалган пафос менен жазылган. Сыягы акын графомандарга окшоп, илхамы келбесе да бир күндө бир ыр жазууну “асыл” максат кылып, чет өлкөгө барган жеринде көргөн-билгенин, учкай таасирлерин кагазга түшүрүп, аны жүрөгүнөн өткөрбөй “чийки” бойдон сапар хроникасы катары сунуш кылганга көнүп алганы көрүнүп турат. Себеби, “Атчан китеп” ырлар жыйнагына кирген алешем ырларга ушундай көркөм-эстетикалык кунарсыз сапаттар мүнөздүү. 

Поэзияда жаңы ойлор, образдар, жаңы көз караштар таланттардын чымырканган изденүүлөрүнүн натыйжасында жаралат, мындай оригиналдуу идеялар, өзөктүү концепциялар чачылып жатпайт, ал үчүн күрөш, ар дайым кызылдай мээнет, изденүү тынымсыз болуп келген. Демек, поэзияга кошулган ар бир автор өз жолун таап, өз үнү менен ырдаш керек – бул айныгыс аксиома. Поэзияда качан эле кызматын өтөп бүткөн примитивдүү, тар түшүнүктөргө камалган чыгармалар дагы деле жашап жатат. Биз сөз кылып жаткан муундун дагы бир өкүлү, өткөн жылы эл акыны наамын алган Абдыжапар Эгембердиев, анын “Күндүн ыры” (1985), “Чакырымдар” (1990), “Арман дүйнө” (1993), “Толкундар жээкке келишет” (2013) китептери жарык көргөн. Ал “Туулган жер” деген ырында: 

Айылым – туулган жер мактанычым, 

Өзүңдөн өмүр таңым атканы чын.

Көтөрүп ата-даңкың чыгарууга,

Бүгүнчө чама келбей жатканы чын, - деп жаш автор өзүнүн поэзиядан жолу болбой, жакшы ырлар жаза албай, айылынын атагын чыгара албай жатканын мойнуна алган. Бирок ошол өткөн 35 жыл ичинде айылынын атагын чыгарып, Гамзатовдун Цадасындай дүйнөгө тааныта алдыбы? Албетте, аны таанытыш үчүн дүйнөгө атагы чыккан акын болуш керек. Бирок А.Эгембердиевдин жарыяланган ырлары окурман журтуна эскирген дидактика, тажатма таасирден башка эч нерсе бере алган жок. А.Рыскуловдун “Көлдүк кыздар” деген ырындагы “жалгыз-жарым, балдыздарым” деген уйкаштар А.Эгембердиевдин “Балмуздак саткан аппак кыз” деген ырынын саптарына ошол бойдон “адашып” кирип кеткен окшойт, ал эми “Ысык-Көлгө” деген ырында Т.Кожомбердиевдин “Энем менен атама” деген ырындагы “Чолоо тийбейт ай өткөрбөй барышка” деген саптары “Чолоо тийбейт саа чыгынып барышка” болуп кирип калган, башка акындардын ыр саптары бүкүлү бойдон Абдыжапар Эгембердиевдин ырларында “адашып” жүргөнүн адабий таасир деп эле коёлу. Дагы тагыраак айтсак, муну эпигончулук деп коёт. Адабиятта өз жолун таба элек талапкерлер башка акындарды кайталайт, таасиринде болот. Себеби акындын поэтикалык “мени” калыптанган эмес, анын ырлары ичтен бышып жетилбестен, сырткы таасирлерден улам жазылат: 

Кечир, көлүм, бир да түшө албадым

Аптабында жайдын ушул ысыган.

Көркөмүңө көз тойгузуп канбадым,

Күндө бир маал карап коюп тышыңан, - деп көлдү тышынан карайт, ичине кире албайт, көлдүн образын түзө албайт, же ажайып портретин тарта албайт, анан акын: 

Ар бир уйдан 3000 кило алыш баа,

Эгин чабык жана тоют жыйымы болуп, колум бошогон жок, - деп актанат. Ушундай кургак маалыматтардан турган бул ырда бир сезим учкуну жок. Акын ага карабай эле уйкаштырып койсом эле ыр болуп калат дейби:

Адамдар бар тоо мекендеп кой баккан,

Жер алдында көмүр шилеп, кен казган.

Эли сыйлаар эмгеги күч алардын,

Ар бир күнү бүтпөгөн ыр, чоң дастан, - деп эле жалпы сөздөр менен жамактатып, күжүрмөн эмгекти даңктап, 30-жылдардагы үгүт ырларынын деңгээлинде айдата бермейи бар. Акын көнүп калган поэтикалык ыкмаларына салып жаза берет, бирок жаңы образ, көркөм табылга жок. А.Эгембердиев акын катары калыптанган жок, ошол тээ сексенинчи жылдардагы талапкердин деңгээлинде калган. Анын 2013-жылы чыккан “Толкундар жээкке келишет” аттуу китебине кирген ырлар негизинен мурда жарык көргөн китептеринен алынган. 

Ачык эле айтып коюшубуз керек, азыркы поэзияда ортого салып талкуулай турган проблемалар көп, биз алардын айрымдарына гана токтолдук. Бирок ошол толгоосу бышып жетилген көйгөйлөрдү сөз кылган адабий сын жок. Тийип-качып макала жазган авторлор сындын токонаалатынан айбыгышабы, айтор, жалаң мактоодон турган бир беткей обзор, чолок рецензия жарыялоого өтүп алышты. Жерге-сууга тийгизбей мактаганга көнүп алган акындар сөздүн кыры тийе электе эле ыргыштап турушат. Аларда “мен чын эле мактоого татыктуумунбу? Чын эле айтып жатабы, же бул көңүл улообу?” деген суроо, күмөнсүү болбойт окшойт. Кыскасы, нукура поэзия үчүн күрөш жүрбөй, поэзиянын көйгөйлөрү айтылбай, жагымпоз сындын арааны жүрүп жаткан кези. 

Турмушту элестүү чагылдырып, бүгүнкү күндүн түркүн нюанстарын, учкул демин, татаалдыгын сергек туюп, жүрөгүнөн өткөрүп, коогаланып, санаркоолордон масштабдуу философиялык ой жүгүртүүлөрдүн деңгээлине көтөрүлгөн Карбалас Бакиров, Өмүрбек Тиллебаев, Атантай Акбаров, Фатима Абдалова, Жыпар Исабаева сыяктуу акындардын ырлары азыркы кыргыз поэзиясынын дэңгээлин көрсөтүп турат. Алардан кийин келаткан маркум З.Ажыматов, Н.Калыбеков, А.Бакирова, А.Исмаилов, Б.Жамгырчиевдин ырларында да айрым табылгалар бар, поэтикалык изденүүлөр тынымсыз жүрүп жатканын адабий сайттарга жарыяланган жаш акындардын ырлары да далилдеп турат. Ооба, чекене изденүүлөр, табылгалар бар, бирок, бул поэзия жаңы бийктикке көтөрүлдү деген сөз эмес, себеби, жогоруда айтылгандай, азыркы жаштар поэзиясы кесиптик камылгасы, руханий-эстетикалык даярдыгы жагынан аксап жатканы ачык байкалууда. Адабий процесс жээктен алыстап, тартылып калган кышкы суудай сээлдеп, кризистик абалда турган чагы. Ошого карабастан чыгармачылык менен алектенип, акындык тагдыр күтүп, поэзия менен жашап, тынбай изденип, узанып жаткан көрөңгөлүү акындарыбыз кыргыз поэзиясынын өнөгөлүү салттарын улантып, жаңылыктарды жаратат деп ишеним артып туралы...


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер