Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Роза Аманова, жакшылап караңыз байкени, кайдан Куран карматтым эле?”

“Роза Аманова, жакшылап караңыз байкени, кайдан Куран карматтым эле?”

09-июль, 13:44
7 051 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев пневмония оорусуна кабылып, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Анын абалы оор экенин жарандык активист Мелис Аспеков ырастады.

Жарандык активисттин айтымында, Кубанычбек Жумалиев жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

"Маалыматты жакындарына чалып тактадым. Чынын айтканда мындай кабарды угуп, жаман абалда калдым. Буга байланыштуу Фейсбукка дагы билдирүү калтыргам"- дейт Мелис Аспеков.

Жарандык активист Фейсбукка төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.

"Ушул жаңылыкты окуган соң, ички дүйнөм бушайман болуп жатат. Кубанычбек байке тез сакайып кетишин каалайм, абалыңыз оор экен. Мага бир топ адамдар чалып, жазып жатышат. Муну Куран уруп баштады деп. Андайды уккандан кийин, жүрөгүм зырп этти. Кайдан мен бердим, кайдан сиз ала калдыңыз?.. Роза эже жакшылап караңыз эми байкени. Деги дем ал байке, дем ал, токтоп калба... Бутка туруп кетип, мына сага деп бир чоң медициналык борбор куруп салчы байке. Эл ыраазы болуп калсын!", - деп жазылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер