Шайырбек Абдрахманов: “Өтө эле кымбаттап алган адамдардан алыс жүрөлү”
КТРКнын мурдагы башкы директордун орун басары Шайырбек Абдырахманов азыркы кырдаалдагы кымбатчылыкка байланыштуу наркын көтөрүүдөн кутулуунун жолдорун Фейсбук баракчасына бөлүштү:
“Кымбатчылыктан кутулуунун жолдорун айтайынбы?
1) кымбаттаган нерсени колдонбой, жебей, же албай коюш керек.
2) сага кымбат түшкөн мамилени да токтотуш керек.
3) кымбат албасаң, кийбесең, жебесең, өөн көргөн жамаатка да кошулбаш керек.
4) асмандап учуп, өтө эле кымбаттап алган адамдан да алыс кетиш керек.
5) чыныгы кымбат нерселерди билиш керек.
6) кымбатчылык чакырган мүнөз, адат, чөйрө жана адамдардан кутулуш керек.
7) чөнтөгүңдө болгонуңа өзүңдү жакшы же бай сезген жерде эле жүргөн оң. (ыйынып, ыкчынбай).
Кымбатчылыктан кутулуунун ушул жолдорун билем жана ушинтем. Сизчи?” деп жазды.