Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Бекназаровдун айтканы чын болсо, президент чара көрсүн...”

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Бекназаровдун айтканы чын болсо, президент чара көрсүн...”

29-апрель, 09:00
633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке, быйыл көлдө кыштадың, айылдын жашоосу жактыбы? Элдин маанайы кандай?

-- Шаарда 40 жыл жашадык. Пенсияга чыккандан кийин ден соолукка карап, көл жээкке кыштап, жылуу сууга түшүп, он чакты жылдай ооруксунуп жүргөн бел, муундар жазылып, жыргап эле калдык. 

Бишкекке бир ай, эки айда бир каттап, беш күн өтүп-өтпөй кайра качканга шашабыз. Бул жакта бала кезден бирге өскөн курбу-курдаштар менен шерине, той-топурда жүрүп, айтор, абдан жакшы экен. Шаардагы ызылдактан оолак, кулак-мурун тынч, стресс аз, жагып эле атат. ТВ, интернет бар, шаардыктар, достор менен онлайн катышып, кабардарбыз баарынан... Эми элдин маанайы тууралуу айтсак, азыр жаз жарыш, көпчүлүк тытынып эле атат. Учурда мал тууп бүтүп, тоого айдалды, сугат, жер айдап-эгүү күчөп турган кез. Бош киши табыш кыйын. Айтор, Тоңдон ач-жылаңач көргөн жокмун, эл эртеңкисине кам көрүп, өзүн өзү бакканды үйрөнүп, кыбырагандын баарынын эле жашоосу тыңып калыптыр. 

-- Жашоодо кыйынчылыктар жокпу?

-- Бар, жок эмес. Көйгөй ошо – сугат суусунун тартыштыгы көкөйгө тийип бүтүптүр. Анан малдын көптүгү да чоң проблемага айланыптыр. Жерге батпайт. Күздө жайлоодон түшкөн соң бир айда аңыздарды такырга айлантып, боз чаң болуп эле сапырылып калат экен кышы бою. Тоют жетпей, малдын баары арык... Эртең менен бир сыйра чөп салып, талаага айдашат. Ал жакта куу такыр, оозго илинер эчтеке жок экенин билген мал айдаса да баспай, догурунуп, кечки чөп салганга чейин кезерип, эшиктин алдында турат, көчө толуп котурап. Кыскасы, малдын башын азайтып, племенной мал багып, чыктуу тоюттарды даярдаганга өтпөсө болбой калыптыр. Туягын санап, жер жайнатып бага бергенче, он чобурга тете бирди багыш керек да, эл деле түшүнүп айтып жатат. Бирок мамлекет, жергиликтүү бийлик колго алып, племенной малга өтүүнү демилгелебесе, чоюлуп жүрө беришчүдөй. 

-- Эми сурообузду кичине буралы... Абактагы “кемпирабадчы” саясатчылар гана бийликти сындабаса, башкалары шүк отуруп калышты го? Ачык ой-пикир айтылбаса, бук ичте кала берсе, буга кандай карайсың?

-- Ооз ачкандын баарын четинен камай бермей акыркы жылдары өнөкөткө айланып калды. Ээн-эркин, каалаган жерде үйгүшүп, чогулуп бийликти сындаган заман азыр чындыгында жок. Антип күндө жыйылып, сындап, күчөй берсе, ырбап, тополоңго айланып кетеринде шек жок. Ал башыбыздан өттү го... Анүстүнө канчалык алпурушуп иштесең да, дүйнөлүк тенденциялардын айынан көзгө көрүнүп, көңүл толорлук жыйынтык жок болууда. Бийлик да ошону сезип, кыңк эткен жерди баса калып, камап атат. Кылмыш курамы барбы-жокпу (?), ал экинчи маселеге айланып калды. Негизгиси, учкундун жалынга айланып кетүүсүнө жол бербөө керек болууда. 

24/7 режиминде алпурушуп жаткан бийликти “өз калтасы үчүн жанталашып атат” деп айыптап аткандар деле жокко эсе. Инфляция, кымбатчылык жеп кетип, жакырчылык боюнча көрсөткүч өспөй жатканына, “күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп кетет” дегенсип, какылыктаган тооктой кыжалат болуп аткан бийлик “булар чыгып алып иштетпей, ажылдашып айланы кетиргенче жатып турушсунчу, эмне эл үчүн жанталашып атканыбыз калп бекен?” дегенсип кыжырданып эле, “болду, койдум, эми үндөбөйм” дегенин чыгарып, “көгөргөнү жата берсин” деп каар төгүп алгандай. 

Бекназаровдун сот залындагы “камактагы “кемпирабадчыларга” каршы  мыйзамсыз кысым, аракеттер башталды” деген билдирүүсү, Имамидин Ташовду коркунучтуу кылмышкердей ур-тепкиге салып, ыйлатып кармап келген бийликтин видеосун элге жарыялап жатышы – көтөнзордуктун күчөгөнүн билдирет. Мага мисалы, элдин үшүн алуу үчүн жасалып аткан аракеттей эле көрүндү. Бул коом ичиндеги чыңалуу күч алып бара жатканынан кабар берет. Мындайдын арты жакшылыкка алып барбасын соңку жаңы тарыхыбыз бир нече ирет далилдеген. 

Эми мындан ары кандай болот? Өзүм билемдик күч алып, Жаныш Бакиевдердей короктогондордун баарын четинен сурак, сотсуз эле тымызын тындым кылуу башталып кетеби? Ушундай да чочулоо бар. Бийлик кандай жолун табарын биле албайм, бирок, кандай болсо да жолун таап, коомчулук ичиндеги чыңалууну басаңдатуу чараларын көрүүсү керек. “Эрегиштен эр өлөт” дегендей, каршылашуу, тирешүү жакшылыкка алып барбайт. Азимбек Бекназаровдун айтканы чын болуп, “шопурдун шопуру” ансыз да зынданда кор болуп жаткандарга көтөнзордук уюштуруп жатканы аныкталса, анда президент Садыр Жапаров токтоосуз чара көрүп, токтотуусу керек. “Жаңы Кудайдай” болуп дагы бирөө мерт болуп кетсе, ошондо “чаша терпение” чайпалып кетсе, таз кейпибизге кетип жүрбөйлү...


(Уландысы кийинки санда)

Сурат Жылкычиев
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер