Ашкере динчил Акжолтой Тукуновдун саясатка аралашканына ИИМ, УКМК кандай баа берет?
Чокчо сакалчан, ашкере динчил Акжолтой Тукунов жакында казино ачууга каршы акцияга чыгып, андан соң башка нааразчылык иш-чараларда жүрөт. Ооба, бизде сөз эркиндиги, демократия бар. Бирок молдо багытындагы адамдын светтик көрүнүштөргө, айрым мыйзамдарга каршы чыкканы кандай? Дин саясаттан тышкары экени Конституцияда жазылып келет. Экөөнү аралаштырбаш керек. Бизде эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндө ушул жагынан тартип катуу. Өзбекстанда сакалчандар митинг-пикеттерге чыкмак турсун, жашынып иш кылышат эмеспи. Билген жерден милиция кармап кетет, сакалдарын кырдырышат. А бизде баары аралашып, чалмакейи чалынып баратат. Чечкиндүү, туруктуулукту камсыздаган аракеттер качан көрүлөт? Албетте, сакалды пайгамбар жашына барган абышкалар коё беришсин. Кыргыздын салты ошондой. Кызыгы, учурда радикалдуу динчилдердин мамлекеттик саясатка аралашып атканын ИИМ, УКМК кандайча түшүндүрөт? Бул суроого көпчүлүк кызыкдар. Деги эле көп агымдар ээн-эркин жайылып кеткени өкүндүрүүдө...
"Азия Ньюс" гезити