Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сергей Глуховеров: “Туристтер жапайы жаратылышта эс алганды жактырышат”

Сергей Глуховеров: “Туристтер жапайы жаратылышта эс алганды жактырышат”

10-август, 21:42
1 593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзү боюнча туризмди дээрлик токтотту. Бул тармакта жүргөндөр Кыргызстанда да туризм эң көп жабыркаганын айтышууда. Ишкерлер туристтерди кызыктыруу максатында жаңы нерселерди киргизүүдө. Маселен, креативдүү ишкер Сергей Глуховеров Соң-Көлдө ачык асман алдындагы эң кичинекей мейманканасын ачты. 

-- Сергей, туризм үчүн кыйын мезгилде кантип креативдүү болуп жатасыз? 

-- Креативдүү болууга аргасыздык түртүүдө. Азыр бүткүл дүйнөдөгү өлкөлөр арасында туристтерге болгон талаш жүрүп жатат. Кимдир бирөө жаңылык киргизсе, айрымдар бааларды түшүрүүдө. Мындай ыкма менен ар ким колунан келишинче аз сандаган саякатчыларды тартууда. Эгер биз креативдүү болбосок, дүйнө жүзүндөгү толгон-токой сунуштардан куру калабыз. 

-- Эң кичинекей мейманкана ачуу идеясы кандайча пайда болду?

-- Бир жолу биздин бозүйгө Ханан деген турист эс алууга келген. Ал жапайы табиятты жактыргандыктан бозүйдүн ичинде түнөөдөн баш тартты. Туристтер колдонуучу килемче (каримат), уктоочу баштык, бир нече жууркан алып, туура эле ачык асман алдында уктоону чечти. Эртең менен абдан бактылуу экенин, укмуштуудай күндүн батканына күбө болуп, түнү жакшы уктаганын айтты. Ушундан улам, суроо-талап бар экенин түшүнүп, ачык асман алдында чакан мейманкана ачууну чечкенбиз. 

-- Уникалдуу мейманкана менен тааныштырсаңыз, ал жай мезгилинде эле иштейби?

-- Соң-Көлдө “Nomad’s Dream” деген бозүйлөрдөн турган шаарча бар. Ал VIP дааратканалар жана жуунуучу жайлар менен камсыздалган. Бул артыкчылыктар менен биздин эң кичинекей мейманкананын коноктору да колдоно алышат. Ал эми биз жөн гана керебеттерди ижарага алып, биздин өзгөчөлөнгөн конокторубуз үчүн ачык асманга коюп беребиз. Эгер күн салкындап же жамгыр жаай турган болсо, бозүйгө кирип кетүүгө болот. Мында турист эч кандай тобокелчиликтерге барбайт, болгону ырахаттана эс ала алат. 

-- Туристтерден кандай жагымдуу сөздөрдү угуп жатасыздар?

-- Алар баарынан да көптөгөн чакырымдардын ары жагында жапайы жаратылыш бар экенин жактырышат. Бул жерде баардыгы бар: тоолор, жайыттар, көл, бозүйлөр. Күндүн укмуштуудай кооздукта батканын, жылдыздарды көрүүгө болот! Өзгөчө пандемия учурунда баардык нерседен качып, алыс жактарга кетип калгың келген учурларда мындан артык нерсе болбос! 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер