Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Учурда криминалдык кырдаал күчөп кетиши ыктымал”

-- Максатбек Канатбекович, Россиядан келгендердин саны көбөйгөнү бир көйгөй пайда болду: батир баасы кымбаттаганы аз келгенсип, турак жай ээлери квартиранттарын чыгарып ийе баштагандары айтылууда. Бул көйгөйдү кантип чечсе болот?
-- Ошон үчүн мен бир сунуш киргизип жатам, миграциялык кызмат өзүбү, же антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги менен чогуубу, айтор, Кыргызстанга сырттан келип жаткандар менен иш алпарып, аэропорттордон эле аларды каякка жайгаштыруу маселесин чечүүлөрү керек. Ушу тапта көл жээгинде канчалаган пансионаттар бош жатат? Алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир бааны коюп жайгаштырсак, батирлерде жашап жаткан биздин жарандарга атаандаш болушпайт эле. Экинчи жагдай, бир учурда көп кишинин келгени криминогендик кырдаалды да күчөтүп ийиши ыктымал. Биз кандай адамдар келип атканын күн мурун билбейбиз да. Убактылуу жашап турганы келдиби, же башка да максаты барбы?..
-- Бирок, келгендер “мен өзүм каалаган жерде жашайм” деп айтышы мүмкүн да?
-- Мен муну кышкы суук келаткан учурда биздин жарандар көчөгө чыгып калуусунун алдын алуунун бир жолу катары гана сунуштап жатам. Албетте, маселе сүйлөшүү, ынандыруу жолу менен гана чечилиши керек. Кыйноо болбойт.
"Азия Ньюс" гезити