Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кумтөрдө жоголгон жумушчулар эми табылбайбы?

Кумтөрдө жоголгон жумушчулар эми табылбайбы?

11-январь, 12:55
685 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көчкү басып калган Кумтөр кениндеги эки кызматкерди издөө иштери токтотулду. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жоголгон жумушчулардын туугандары издөө иштерин токтотууга макулдугун беришкен.

Изделип жаткан жумушчулардын туугандары жана Кумтөр Голд Компани компаниясы ишти токтотууга макул болушту. Куткаруучулар кечээ, 9-январда, кечинде өз ордуларына кайтып келишти- дешти ӨКМден.

Кырсыкка кабылган Кумтөр компаниясынын жумушчулары Өмүрбек Ишенбеков 35 жашта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылынан, акыркы кезде Бишкекте жашап жаткан. Тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн мастери болгон. Ал эми Жолдошбек Жунушев 47 жашта, ал Тоң районунун Темир-Канат айылынан. Бульдозердин машинисти болуп эмгектенип келген.

Аларды өткөн жылдын 1-декабрында саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп басып калган. Үйүлгөн жараксыз катмардын узундугу 450 метр, туурасы 570 метр жана бийиктиги 50 метрге жетип, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр кубду түзгөн.

Кендин ачык жерлеринде иш токтоп, ӨКМден 94 куткаруучу, кинологдор жана альпинисттер издөө иштерине катышкан. Кумтөр Голд Компани ишканасынын 40 техникасы тартылган. 


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер