Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Сулайманов 200 миллион сомго тойбой, дагы “жегендин” үстүндөбү?

Нурлан Сулайманов 200 миллион сомго тойбой, дагы “жегендин” үстүндөбү?

18-август, 09:00
943 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бакиевдин министри кезинде Нурлан Сулайманов чалчактап, аябай көпкөн. Коррупциялык схемаларды профессионалдуу түрдө ишке ашырганы кийин ачыкталып калды го? Мамлекеттен 200 миллион сомду өөнөп алганын башкы прокуратура аныктап, кылмыш ишин козгогонун унуттуңарбы? Коомчулукка чоң резонанс берген. Агезде Нурлан Сулайманов качып кетип, камалбай калганы эсибизде. Коррупцияга белчесинен батканын ушундан билебизби? Атургай депутаттык мандаты да жардам бере албаганын карачы! Чет өлкөдө безип жүрүп, убакыттын өтүшү менен кылмыш ишин бир жаңсыл кылып, кийин Кыргызстанга кайтып келген. Айыбы ачылганына он жылдай убакыт болсо да, актанып бүтө албады. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген макалдын бап келишкенин карачы? Эмесе бир эле мисалды алалы. Эгерде 200 миллион сом жесе, аны долларга айландырганда 2 400 000 чамасындагы сумма болот экен. Баласы Элдар Сулайманов Ошго курган мончосуна 2 миллион доллардан ашык сарптаганын айтып, маек бербеди беле? Логика бар бекен? Солонгон миллиондордун изи чыгып атабы? Ошондо мамлекеттин, элдин акчасын уурдап, жеке менчик мончо курдуруп, учурда огобетер өркүндөп атканы ушулбу? Бул суроолорго жооп бере алабы? Качпасын да... Учурда Нурлан Сулайманов өкмөттүн кеңешчиси болуп, көшөгө артынан транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевди башкарып, негизинен жол салуу долбоорлорун колго алганын танабы? “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал аймагына депутат Азиз Турсунбаев жол салуу иштерин демилгелеп, эл менен жолугушуп жүрсө, Нурлан Сулайманов да кыпчылып, өкмөттүн атынан жүрбөйбү! Эски адатына салып, дагы “оп” тартууга киришкениби? Таңгаласың да. Өмүр бою чиновник болуп келди, министр катары эбегейсиз байыган. Акчанын күчү менен баласы Элдарды депутат кылды. Бир канча миллион долларды чапчыган бизнестери бар. Эми кичине тыйылып, мамлекеттик иштерге колун салбай эле турбайбы! Же көнгөн адатынан арыла албай калганбы? Дайыма эле өкчөгөн чүкөсү айкүр тура бербестир. Эртең башка бийлик келсе, Нурлан Сулаймановдун элдин эсебинен курган имараттары, бизнестери мамлекеттин карамагына өтүп, адилеттүү баа берилеби? Убакыт керек. Күтө туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер