Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Пиримов, ЖК депутаты: “Эски тамдар шаардын көркүн бузуп, канчалаган гектар жерлерди ээлеп турушат?”

Улан Пиримов, ЖК депутаты: “Эски тамдар шаардын көркүн бузуп, канчалаган гектар жерлерди ээлеп турушат?”

30-ноябрь, 19:29
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улан Бердибаевич, мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев шаарда турак жай курулушуна жер аянтчалары жетпегендигине байланыштуу сталинка, хрущевка сыяктуу эски имараттарды бузууну сунуштады. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?

-Мэрдин демилгесин туура деп эсептейм жана алдыга карай умтулуу катары баалайм. Себеби, ал үйлөр физикалык жактан да, моралдык жактан да эскирип бүткөн. Бирок, баардык нерсе ирети менен жасалганы оң. Биз биринчи кезекте ошол үйлөрдө жашаган тургундардын кызыкчылыгын канааттандырууга тийишпиз. Алар азыр жашап жаткан турак жайынын аянтына тете жаңы квартиралар менен камсыздандырылып, ошондон кийин ордуна азыркы замандын талабына жооп берчү жаңы үйлөр курулушу керек. Эч ким үй-жайы жок калбашы керек. Орустар «Ломать  не строить» деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, бузуш оңой, куруш кыйын. Айрым кездерде ушул нерсе эске алынбай калууда. Мисалы, троллейбустарды жок кылардан мурун анын альтернативалык вариантын камсыздоо керек болчу. 

-Башкалаабызда сталинка, хрущевкалардан башка жер үйлөр да аябай көп. Аларды кантиш керек?

-Жер үйлөр жеке менчик да. Анын ээлери баасы чыкса кымбатыраак сатсак деп кармап отурган учурлар бар. Ошондуктан, алар да өзүнүн эле эмес, шаарыбыздын да кызыкчылыгын эске алышса жакшы болот эле. Заңгыраган заманбап үйлөр менен катар көптөгөн эски тамдар шаардын көркүн бузуп, канчалаган гектар жерлерди ээлеп турушат. Мэрия бул жагынан да иштөөгө тийиш. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер