Мырзакматов кошомат кылуунун мастер-классын көрсөткөндө
Эгемендүүлүк күнүндө Мелис Мырзакматов бийликти айга-күнгө теңегендей мактап чыкты. Шумдугуң кургур! Көргөндөр баш чайкашып, мыйыктарынан жылмайып жатышты. Уялбайт экен го? Ушинтип кошомат кылып, байлыктарын сактап калуунун амалына өткөнүбү? “Куса” тургандардын катарында Мырзакматов да турса, анан жагалдануу менен жайпап салган кербезиби? Бийлик азыр күчтөнгөн, жеңил-желпи мактоого муктаж да эмес. Кызык, баягы эски ыкмасына салуу менен акаңар апыртып-сапыртып, көбүртүп-жабыртып сүйлөсө эле көпчүлүк ынанып калбайт да. Келесоо катмарды тапкан экен... Башчыларды ушуга окшогон жагымпоздор бузушуп, жолдон адаштырып келишкени жалганбы? Кыскасы, Мелис Мырзакматов тарыхта кандай жүз менен калат? Алдуудан айбыккан, кадимки кошоматчы катары чекесине мөөр басылгандай образдабы? Эл баа берсин!
"Азия НЬюс" гезити