Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакстан жай айында Токтогул суу сактагычынан суу алганын айтты

Казакстан жай айында Токтогул суу сактагычынан суу алганын айтты

08-декабрь, 23:52
1 343 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып, Казакстандын түштүк облустарынын дыйкандарынын сугат сууга болгон муктаждыгын камсыздоого мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин Нур-Султан шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушкан учурда билдирди.

«Өкмөт башчы Аскар Мамин эки өлкөнүн ортосундагы суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты жогору баалады. Анын ичинде Сырдарыя, Чу жана Талас транс чекаралык дарыяларынын суу ресурстарын жөнгө салууда ыкчам чаралар биргелешип кабыл алынган. Кыргыз тараптын Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызууну ишке ашыруусу — Казакстандын түштүк облустарынын дыйкандарынын сугат сууга болгон муктаждыгын канааттандырууга мүмкүндүк бергени белгиленди» деп жазылат маалыматта.

Улуттук “Энергохолдингдин” маалымат кызматы бул боюнча маалымат таратты.

«Үстүбүздөгү жылдын март айында “Электрстанциялары” ААК менен Казакстандын ыйгарым укуктуу энергетикалык компанияларынын ортосунда 2021-жылдан 2023-жылдын августуна чейин жалпы көлөмү 300 млн. кВт/саат июнь айынын аралыгында алынган электр энергиясын кийин кайтаруу менен 900,0 млн. кВт/саат электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, жайкы мезгилде Токтогул ГЭСинен суу чыгаруу иштери жүргүзүлүп, ал кышында электр энергиясы катары кайтарылды» деп айтылат маалыматта. 



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер