Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШ баш болгон капиталисттик “жырткычтар” элибизди капканга түшүрүп алышкан...

АКШ баш болгон капиталисттик “жырткычтар” элибизди капканга түшүрүп алышкан...

05-апрель, 16:14
712 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Капиталисттик системанын айынан кыргыз мамлекети талкаланып, кыргыз эли чачырап калганын 30 жылдан бери көрүп келатабыз. Бирок эң коркунучтуусу – мындай абал дагы канча жылга созулары белгисиз бойдон калууда. Кургуйга кулап жок болуп бараткан кыргыз эли бир эмес үч жолу элдик революцияга көтөрүлүп, рак оорусундай чырмап алган капиталисттик системадан кутулуу аракетин көрүштү. Бирок саясатты, геосаясатты түшүнбөгөн кыргыз бийлиги мурдагы эле “өзүн-өзү жок кылуу системасын” улантып жатышат. Кыргыз бийлиги улантып келаткан коррупциялык жана мафиялык системаны үч жолу кулаткан элибиз кайра эле ошол системаны улантып жатышканын эч түшүнбөс болду. Аз сандагы калкыбызды 200-300 жеке менчик партияларга бөлүп, чачыратып койгон капиталисттер үстүртөн үңүлө карап, өздөрүнө жаккан корректировкаларын жасап коюшуп, өзүнчө эле кызыктуу экспериментке айлантып алышкан. 

Лабораториядагы чычкандар сыяктуу ич ара согушуп, бирин-бири жеп жатышса, семиздери арыктарын, алдуулары алсыздарын баса калышып, жашоо үчүн кармашып келишсе, бир чети кызыктуу, бир чети тамаша да. Кыргыз элине эксперименттин түрлөрүн жасап келатышкан АКШ баш болгон капиталисттер “жырткычтыгы” жана куулугу менен айырмаланса, карапайым кыргыз эли өзүнүн кең пейилдиги, жооштугу, ишенчээктиги менен капканга түшүп калышкан. Анүстүнө СССР таркап, эгемендүүлүккө жеткен күндөн баштап өзүн Кудайдан да жогору сезип алган “эл душмандары” пайда болушуп, мамлекетти жеке кызыкчылыктары үчүн гана пайдаланып келишет.

Саясатты, геосаясатты таптакыр түшүнбөгөндөр советтик системаны жек көрүшүп, коммунисттик системаны талкалап жок кылмайынча жаны жай алган эмес. Алар Аскар Акаевди “чөнтөк президент” кылып алышып, атасынын өчүн жүз эсе эмес миң эселеп кайтарып алышкан. Кыргыздын “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген сөзүн “Ташмат, атаңды Эшмат өлтүрсө, энеңди Эшматка алып бер” деп түшүнсө болобу?

1937-жылдагы репрессияга туш болгондордун бала-чакасы, жээк-жааттары жалпысы менен өч алууга аттанышса, анда жүз жылдык согушка жөнөмөкпүз. Эч кимдин оюна келбеген өч алуу сезими, жек көрүү “эл душмандарында” оргуштап кайнап, өзүнчө вулкан болуп атылып чыгып турган. Өч алуунун жолдорун билгичтик менен пайдаланган “эл душмандары” кыргыз жергесинде пайда издеген капиталисттерди жолдо калтырып, СССРдеги “кайра куруунун” башында турган М.С.Горбачёвдун “советниги” болушкан. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” болушуп, М.С.Горбачёв СССРди талкаласа, “эл душмандары” Кыргызстанды талкалаган. Аларга өмүр бою сактап жүргөн өч алуунун учуру келип, завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду, шаарларды, айыл-кыштактарды талкалап, “мына сага” деп чачыратып таштаган. Шордуу кыргыз эли чет өлкөлөргө чачырап кеткенде чымын чакканчалык да болгон эмес. Бала кезинен баштап атасын эскерген энесинин наалатын уга берип кыргызга боор бербей чоңойгон немелер, кыргыз элинин кайгылуу тагдырына түкүрүп да коюшпай, тескерисинче, “чала болот” дешсе керек. Аялынын жетегинде жүргөн чалагайым Акаевди “чөнтөк президент” кылып алышып, каалаган шарттарын түздүрүшкөн. Алар мамлекетке, элге карата “чем хуже – тем лучше” деген принципти карманышкан. 

Бүтүндөй бир мамлекеттин президенти чөнтөгүндө болсо, коммунисттик системага карата болгон жек көрүү сезими, өч алуу сезими канын кайнатып турса, анан баштады да талкалоо иштерин. Талкалоо иштерин А.Акаевге тапшырса, анысы министрине тапшырып, колхоз-совхоздорду таркатып жок кылышкан. Жок кылуу процессин чет өлкөлүк капиталисттер өздөрү жүргүзгөндө, жок дегенде 50% пайыз айыл чарба, мал чарбасы сакталып калмак. Кыргыз эли баарын таркатып-жоюп, чачыратып ийип, өздөрү куржалак калгыдай келесоо эмес да. Бирок кыргыз бийлигин ээлеп алган “эл душмандары” талапты катуу коюп, баш ийбегендерди сот жообуна тартып, алардын кылган кыңыр иштерин элге жарыялап турган адам менен соттошууга чыгышкан. Төрт түлүк малынан ажырап, ишсиз калган кыргыз эли чет өлкөлөргө агылып кеткенге мажбур болушту. “Кеткендердин саны миллионго чукул” дешчү эле, азыр болсо “бир жарым миллион” дешет. Жакынкы жылдары аз сандагы 6 миллион кыргыз эли чачырап жок болобу? Саясатты, геосаясатты таптакыр түшүнбөгөн “эл душмандары” Кыргызстанды жок болуу жолуна салышса, Казакстан, Өзбекстан президенттери өз мамлекеттерин сактап калышкан. Бүгүнкү күндө алар менен биздин айырмабыз асман менен жердей болуп калды. Он жыл бою жарандык согушту башынан өткөргөн Тажикстанда да өнүгүү башталып, өз алдынча ГЭС куруп алышты. Бизде болсо баягы эле тирешүү, бирин-бири алдоо, чөпкө жутунган койдой болушуп бийлик, байлык, акчага жулунмай. Анткени, кыргыз элин жеке менчик партияларга бөлүп, чачыраткан капиталисттик система түбөлүк орнотулган. Бул система кыргыз бийлигиндеги коррупция менен мафияга абдан пайдалуу болгондуктан, үч жолу эмес беш жолу, андан да көп революциялар, төңкөрүштөр боло берсин, бирок коррупция менен мафиянын булагын жабууга болбойт. Кыргыз бийлигине жутунган жеке менчик партиялар ар кандай башаламандыктарды жаратып, ар бир бийликти президенти менен айдап чыгып турушса, көз салып турган капиталисттерге майдай жагат. 

Партия деп аталган көп сандаган коррупциялык жана мафиялык уюмдар бирин-бири жеп койгон чычкандар сыяктуу кийинки революцияга же төңкөрүшкө алып келет. Ошондуктан жеке менчик партияларды жоюп, бир гана Коммунисттик партияга бириксек, Россия менен Кытайдагыдай өнүгүү жолуна түшөбүз.               

                             

Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер