Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда бир суткада COVID-19 оорусунан көз жумгандардын саны кайрадан жогорку чекке жетти

Россияда бир суткада COVID-19 оорусунан көз жумгандардын саны кайрадан жогорку чекке жетти

02-ноябрь, 17:06
367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2-ноябрда өлкөнүн коронавирус менен күрөшүү штабы алдыңкы 24 саатта 1 миң 178 киши каза болгонун, инфекция 39 миңден көп кишиден аныкталганын билдирди. Баш калаа Москвада эле бир күндө 6 миңге чукул киши инфекцияны жугузуп алган.

Вирус орус бийлиги карантин, чектөөчү чараларды киргизгенине карабай жайылып жатат. 30-октябрь жана 7-ноябрь эс алуу күндөрү деп жарыяланган.

Пандемия башталгандан бери 146 миллиондуу өлкөдө 8,5 миллион киши COVID-19га кабылды. Өлгөндөрдүн саны 241 миң кишиге жетип, бул жагынан дүйнөдө АКШ, Бразилия жана Индиядан кийинки төртүнчү орунда турат. Бирок штаб түздөн-түз вирустан көз жумгандарды эске алса, Росстат статистика агенттиги санактарын кеңири критерий менен жүргүзөт. Алардын 29-октябрдагы маалыматына ылайык, каза тапкандар сентябрда 462 миңдин тегерегинде болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер