Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Бирөөнүн кайгысынан акча издеген адам жыргабайт”

Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Бирөөнүн кайгысынан акча издеген адам жыргабайт”

18-ноябрь, 19:30
382 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кундузбек Кошалиевич, чек ара чыр-чатагынан жабыркаган Баткендеги турак үйлөрдү, социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө элден эле 320 млн. сом акча которулган экен. Бирок, кэчээ эле Баткенге барып келген бир топ депутаттар бирин-экин үйлөрдүн пайдубалы тургузулганын эсепке албаганда, дээрлик  эч кандай иш жасалбаганын айтып келишти. Кандай деп ойлойсуз, эмне үчүн жыйналган акча дарегине жеткен эмес?

-- Жетпей калышы мүмкүн эмес. Мындай да... Жаман дей берсек, жакшысын ким берет бизге? Азыр курулуш фирмаларың да итбай-чотбай болуп атпайбы. Акчаны алып алышат дагы, “эртең кылабыз, бүрсүгүнү кылабыз” деп чоё беришет. Же аларды эчтеке кыла  албайсың. Соттосоң акча кетип калган, дагы башкасын алып келиш керек. Айтор, нюанс көп. Бир адамдын тагдырын чечиш кыйын го. Бул жерде болсо канча адамдын тагдыры бар. Мен “иштебей жатышат, эчтеке жасалган жок” дегенге көп деле ишене албайм. Ушунча элди суукта талаага жаткырып коюп, кантип иштебей койсун? Бирок, жетиштүү көлөмдө иш болбой жатышы мүмкүн. Ал жерде бир эле үй эмес да дароо эле кура койгондой. Курулуш фирмалары жетишпей жатат го дейм, менин түшүнүгүмө караганда.

-- Демек, акча желип кеткен эмес дейсизби?

-- Жок, жок! Мындан акча жеген киши жыргабайт. Бул дүйнөдө болбосо аркы дүйнөгө барып жооп берет. Пандемия учурунда адамдар боо-боо түшүп калышты. Ошолордун эсебинен кантип акча жасашты, айланайын? Жадагалса СИЗдер (жеке коргонуу каражаттары) алынган эмес, башка дары-дармектерди айтпай эле коёюн. Ошондон акча кылбай эле койбойбу! Ошолордун ордунда сенин бир туугандарың деле болуп калышы мүмкүн да! Менин жекече оюм ушундай. Бирөөнүн кайгысынан, жамандыгынан акча издеген адам... Эми пендечиликте ар кандай болот, кээде жеп кетиши мүмкүн. Бирок, мындай учурларда жебеш керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер