Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апам менен кошо соолуган кызыл розалар

Апам менен кошо соолуган кызыл розалар

15-август, 09:00
968 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Замандашыбыз Саламат Өмүралиева Россияда көп жылдан бери эмгектенип, айрыкча алыста жүргөн кыз-келиндердин тагдыр ирмемдерин ак баракка жазып, бизге сунуштап келет. Бүгүн дагы кезектеги бир тагдыр ирмеми. 

Бүгүн эрте турдум, апамдын биз менен коштошуп кеткен күнү эле. Камыр жууруп, боорсок жасап, апама куран окутуп коёюн дедим. Терезедеги гүлдөр менин ар бир кыймылымды баамдап карап тургандай. Апам гүлдөрдү аябай жакшы көрчү. Жайында үйдүн ичи, короо гүлгө оронуп, бейиш жыттанып калар эле. Биз да апамдын гүлдү жакшы көргөнү үчүн майрамда гана эмес, жөн күндөрү да челектеги гүлдөрдү апкелип берер элек. Аябай сүйүнүп, гүлдү маңдайына коюп алып, көпкө карайт эле. Үйгө келгендер да суктанып сурап калышчу. Апам көчөттөрүнөн берип койчу. Апам бир жакка кетсе, гүлдөрүн аябай дайындап, жазып да кетчү. 

Бир күнү апам жети розанын көчөтүн алып келди. Аны отургузуп, суу куюп койдук. “Бул меники болот” деп бирөөнү мен энчилеп алдым, мени көргөн иним да өзүнө энчиледи. Экөө атам менен апамдыкы, калганы бир туугандарымдыкы болду. Күндөн күнгө гүлдөр кулпуруп өсө берди. Розалардын таажылары ачканда короо буркурап, жыпар жытка толду. Бир күнү сиңдим ооруп калды, атам менен апам тынбай доктурга каттайт. Мен сабактан келип эле гүлдөргө көзүм түштү. Сиңдимдин гүлү соолуй түшүптүр. Дароо суу куюп койдум, эртеси андан да жаман болуп калыптыр. Сиңдимдин да акыбалы начар. Эртеси да үйгө кирерим менен эле гүлдү карасам, жалбырактары көтөрүлүп, кичине тирилип калыптыр. Атамдан сиңдимди сурасам, “Кудайга шүгүр, жакшы” деди. Ал кезде балалык баёо сезим менен балким дал келип калгандыр... Айтор, адамдын ден соолугу гүл менен байланыштуу болгондой ишенип калгам. Сиңдим ошону менен жакшы болуп кетти.

Көп өтпөй апам ооруп калды, диагнозу да так табылбай койду. Апамдын гүлдөрү соолуса эле ар кайсыга жоруй берем. Мен үйдүн улуусу болгондуктан апамдын жанында болдум, таежем келип, “мен карайын, сен барып эс ал” деп калды. Үйгө келсем, гүлдүн көбү соолуп калыптыр. Ыргытсам эле жамандык болчудай суу куя бердим. Апам 6 айлап жатып калды, аябай кыйналып кетти. Аягында эч кимди көргүсү келбейт, эч кимди бөлмөсүнө киргизбейт. Ошентип жатып, бир күнү жакшынакай болуп сүйлөп калды. “Мен силер менен чай ичким келип атат, чогуу даярдагылачы” деп суранды. Биз да сүйүнүп, үстөлдү апам жаткан жерге жылдырып, баарыбыз чай ичип жаттык. Апамды жөлөп отургуздук, ошол убак кандай бакыт экенин эми түшүнүп жатам. Апам бизге жалбарып, акырын гүлдөрүн карап жатты. Анан “гүлдөрүмдү карап койсоңор” деп аяр сүйлөдү. “Апа, сиздей карай албайт экенбиз, өзүңүз жакшы болуп карабасаңыз” дедим. “Ооба, карай албайт экенсиңер” деп отуруп калды. Биз менен жакшы сүйлөшүп отурду. Телефон чалган бир туугандарына “жакшы болуп калды” десем, баары сүйүндү. Ал күнү апамды жуундуруп, чачын кургатып өрүп бердим. Ыраазы болуп, ден соолугумду тилеп, батасын берип жатты. Мен да көңүлүм тынч уйкуга кеттим. 

Эртең менен эрте туруп чайын, дарысын бериш сиңдимдин кезеги эле. Апам уктабай калганда кезек менен туруп калганбыз. Кечинде атам апамдын жанында көпкө сүйлөшүп отурган эле. Менин көңүлүм тынч, уйкуга кетиптирмин. Бир убакта атамдын жулкулдатканынан чочуп ойгонуп кеттим. Карасам, атам “апаң кыйналып жатат” деп доктурга телефон чалып жаткан экен. Жанымда жаткан сиңдим ойгонуп кетип, туруп эле жөнөдү. Мен халатымды кийгиче сиңдимдин “апа-аа!” деген ачуу үнү тынчтыкты жарды. Шашкандан халаттын жеңи табылбайт, бутум кишенделип баса албай, жеткиче жаным чыгып кетти! Апам кыйналганынан төшөктү алып салып, чабалактап жаткан экен. Көзү аңтарылып, дем жетпей, жандалбастап жатканда колуңан эч нерсе келбей, колун кармалап, апалап отурганымды эч кимдин башына салбасын... 

Доктурлар бат эле келди, укол сайса эле апамдын жанын алып калчудай “өх!” деп үшкүрүнүп алдым. Укол сайганда эле жаны жай ала түшкөндөй болду. Атам бизди сыртка чыгарып койду, доктурлар да кетти. Аңгыча молдо кирди, анда деле бизде өлүмдөн кабар жок отурабыз. Буга чейин деле молдо келип дем салып турчу, көрсө, апам узап кетиптир. Сиңдим эшиктен шыкаалап турган, ал билип калыптыр, “апа-а!” деп бакырып кирип эле бутуна жыгылды. Баарыбыз эле ызы-чуу болуп калдык. Кошуналар келип, баарыбызды аркы бөлмөгө киргизип, сооротуп жатышты. Сиңдимдин апамдын бутун коё бербей чыңырганы азыркыга  чейин кулагымда жаңырат. Энесинен бөлүнүп калган козудай болуп, көңүл айткан кишилер менен чогуу ыйлай бердик. Ушуну менен эле жашоо токтоп калгандай, баары бүткөндөй, жардын кырында тургандай болдум. Кечээ эле жакшынакай турган апам бүгүн кетип калганына ишенбей турдум. Көрсө, апам өзүн түзөгөн тура. 

Апам жаткан бөлмөнү карап коём. Кыргызымдын жакшылыкта, жамандыкта бири-бирин колдоп кеткенинен айланса болот. Апамды майрам сууга алып, бозүй тигип жаткырып коюшуптур. Эшиктин алдына суу себилип, дарбаза ачылып, отургучтар тизилип, самоор, казан-табактар алып келинип, келиндер боорсокко камыр жууруп жатышыптыр. Кошуналар келип көз көрсөтүп кетип жатышты. Бозүйдө кыздар, сыртта эркектер аза күтүп жаттык. Биринчилерден болуп апамдын төркүнү келди. Бозүйгө биринчиден болуп таенем башбакты, алы куруп, шалдырап, өзүн араң кармап, ээги титиреп, бизди көрүп, “оо шордуу жетимдерим!” дегенде баарыбыз бакырып ыйлап калдык. Таенем баарыбызды өөп ыйлап жатса, жанына тура албайсың. «Оо шордуум, ушулардын чайын ичпейт белең! Сени алгыча мени албайбы!» деп Кудайга күнөөкөр болуп жатты. 

Ошентип апамды узатар убакыт да келди. “Апамды ушу бойдон таптакыр көрбөйм” деген ой мээмди көзөп кетет. “Апаңар менен коштошуп калгыла, ыйлабагыла” дешти. Томсоруп баарыбыз турдук, апамдын бетин ачты. Чиркин ай, оорудан азып, бети бырышып, көзү чөгүп кеткен апам жок. Бир жакшынакай болуп бетине кызыл жүгүрүп, мемиреп уктап жаткандай. Кантип ыйлабайсың, өпкө-өпкөмө батпай ыйлап жаттым. Таенем баса албай калды, ары жакка алып кетишти. Жаназа окулуп жатты... Ошончо адамдын алдында жаткан апамдын сөөгүн карап, “бир күнү баарыбыз ошол жерге жатарыбызга шек жок экен да” деп отурдум. Жаназа бүтүп, апамды көтөрүп жөнөштү. Биз болсо чуулдап ыйлап кала бердик. “Эми эмне кылабыз?” дегендей бир туугандарым мени карашат. 

Күндөр чубап өтө берди, бир күнү атам акыркы күнү апам менен сүйлөшкөнүн айтып берди. Апам өлөрүн сезген окшойт, атама бизди аябай дайындаган экен. “Окут” деген экен, баарыбызды окутту. “Апаңардын гүлдөрүн жакшы карагыла, келип карап турам деген” деп койду. Ошол сөз баарыбыздын жүрөгүбүздө калыптыр. Мурда “суу куй, карап кой” дедирип атып карачу элек, азыр баарыбыз карайбыз. Баягы апамдын розасы таптакыр эле соолуп куурап калган, кийин сонун болуп өсүп кетти. “Өлгөндүн өз шору” демекчи, ал күндөр да артта калды, жүдөп кеткен атам өзүнө келип калган. Кийин “үйлөнөм” деп калды, эч кимибиз каршы болгон жокпуз. Бир гана апамдын гүлдөрүн жакшы карашын сурандык. 

Баарыбыз өз оокатыбыз менен кеттик. Баягы апам жакшы көргөн гүлдөн көчөт алып отургузуп алганбыз, аты башка болсо да бизде “апамдын гүлү” аталып калган. Андан бери 34 жыл өтүптүр. Бир күнү атам менен сүйлөшүп отуруп, апам менен сүйлөшкөн акыркы түндөгү сөздөрүн сурасам, “мен силерди сооротуп, алаксысын деп эле айтып койгом” дейт. Биз болсо бала болуп ошол апамдын гүлү менен сүйлөшүп, сырдашып жүрдүк. Үйдө бир жакшылык болордо ошол гүлдөр бажырайып ачылаар эле. Андайда “апам келди” деп калар элек. 

Ошондуктан терезедеги гүлдү жыттабай, апаңарды жыттап, кучактап, жакшы сөздөрүн угуп, тамашалашып, сырдашып, ушакташып, чай ичишкен күндөрүңөрдү узак кылсын! Алтын апалар аман болгула! Чыгармам жүрөгүңөрдүн түбүнөн түнөк тапсын…


Саламат Өмүралиева 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер