Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Бакыт Төрөбаевдин айтымында, метрезервдин кампасында ун бар”
-- Алишер мырза, акыркы күндөрү ун менен нандын баасы кымбаттаганы байкалууда. Мындай шартта өкмөт сиздин оюңузча, кандай шашылыш чараларды көрүшү керек?
-- Чындыгында эле акыркы бир жуманын ичинде нан гана эмес, бизге экспорттолуп келген товарлардын бир тобу кымбаттаганы байкалууда. Кечээ күнү комитеттин жыйынында мен Бакыт Төрөбаевге суроо берип, жооп алдым. Анын айтымында, азыр биздин матрезервдин кампалардында ун бар экен. “Ушул жуманын аягына чейин кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүүгө барабыз, дагы ушундай жагдай уланчу болсо, материалдык резервден унду, майды, кумшекер, күрүчтү базарга чыгарабыз” деп сөз беришти. Россияда же Казакстанда өстүрүлгөн буудайдын сапаты жогору. Ошондон улам биздин тегирменчилер унду негизинен ошол жактан алып келишет. Андыктан, баалардын кандай болушу да көбүнчө ун ал жактан кандай баада келгенине байланыштуу болот.
-- Анда баалар кайра турукташуусунан үмүт кылсак болобу?
-- Албетте, бул убактылуу нерсе. Баалар бүт дүйнөдө көтөрүлүп жатпайбы, негизичи. Мурдагы калыбына түшпөсө дагы бир аз арзандайт деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити