Акбөкөн Таштанбеков: “Менин жапжаш жардамчым 40 миңден ашык айлык алат”

-- Акбөкөн Дүкенович, баягыда “мектептерде баштапкы аскердик даярдык сабагын кайра киргизүү керек” деген сунуш айттыңыз эле. Бүгүн турмуш ошол сунуштун актуалдуулугун көрсөтүп жатабы?
-- Баштапкы аскердик даярдык сабагын гана киргизбестен, андан көп нерселерди жасаш керек. Биз реформа десе эле бүт Кыргызстанга эксперимент кылып баштайбыз. Бир айылдан, бир райондон, бир облустан баштасак туура болмок. Туура, азыр аябай актуалдуу болуп калды. Мектептин жогорку класстарынын окуучулары жок дегенде автомат атканды билиш керек. БАД - бул жалгыз эле атканды үйрөтүү эмес да. Жарадарга кантип жардам берип, кантип ийне сайып, кан агып жатса, аны кантип токтотуу керек – ушунун баарын үйрөтөт. Мындан тышкары, жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедраларды кайра ачуу зарыл. Чек арага жакын жашаган айылдардын жаштарын жок дегенде жылына бир жолу сборго чогултуп, даярдыктан өткөрүп туруу керек.
-- “Чек арага жакын айылдарда жашаган калкка курал берүү керек” дегенге кошуласызбы?
-- Мунун оң жагы, терс жагы да бар. Ошол эле Тажикстан убагында элге курал таратып алып, эми кайра алалбай эси ооп атат. Мындай да, он автомат берсек, ошол жерде 30 автомат пайда болот. Наркобарандордун желдеттери деле “биз бийликтен алдык” деп куралчан жүрө башташы мүмкүн. Эртең ошол жерде 100-150 киши автоматтарын көтөрүп алып, айыл өкмөткө, акимге баш ийбей чыкса эмне кылабыз? Колунда куралы бар адамга айыл өкмөт башчысы, же аким келип, “сен туура эмес кылып атасың” деп айта алабы? Ошон үчүн пиарды таштасак. Баткендеги окуя болордон эки күн эле мурда парламенттен генералдарыбызды эмне кылдык? “Жумуштан кет” дегенге чейин бардык. Бүгүн ошолорго жалдырап атабыз. Менин жапжаш, али жашоону билбеген жардамчым 40 миңден ашык айлык алат. Баткендеги мекен үчүн өз жанын бере турган офицер 20-25 миң алат. Тескерисинче болуш керек да. Мына, көйгөй ушунда.
"Азия Ньюс" гезити