Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рита Борбукеева: “Алмазбек Шаршенович операция алдындагы даярдыктан өтүүдө”

Рита Борбукеева: “Алмазбек Шаршенович операция алдындагы даярдыктан өтүүдө”

03-январь, 09:00
599 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рита айым, сиз Алмазбек Атамбаевдин жакын тарапташтарынын сап башында турасыз. Айтсаңыз, Алмазбек Шаршенович учурда кайсы өлкөдө, саламаттыгы кандай?

-- Алмазбек Шаршенович Испанияда дарыланууда. Эки же үч операцияга организмди даярдоо керек экен да. Ага кан басым, салмагы – баары өз ченинде болбосо дарыгерлер тобокелдикке барышпайт. 

Атамбаев президенттик тактан түшөр менен эс албай эле куугунтукка, камакка алынды да. Айрыкча акыркы үч жыл кыйноо, өмүргө, денеге залал келтирүү болуп, ЖАМК дегендин зөөкүрлөрү кышында карга сүйрөп, омурткасы катуу мертинбеди беле? Футболкачан, жылаңбаш сотко мажбурлап алып келишкенин дүйнө эли көргөн!  Моралдык, физикалык, психологиялык кысымдагы ооруган адам операция алдында реабилитация болушу керек экен. Азыр ошол этапта. “Операцияны азырынча көтөрө албайт” дешиптир. 

-- Угушубузга караганда, Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө сиз көз салып турарыңызды укканбыз, бу сөздүн канчалык чындыгы бар?

-- Атамбаевдин жалгыз турак жайы – Кой-Таштагы үйү. Башка президенттердин Москвада, Кеминде, Минскиде, Жалал-Абадда, Бишкекте үйлөрү болгон. Ошон үчүн аларга Кыргызстандагы, Бишкектеги үйү зарыл эмес, жашабайт дагы! Ал эми Алмазбек Шаршеновичтин жубайы, уулу Кой-Таштагы үйүндө жашайт да, башка жерде үйү жок болсо. Раиса Атамбаеванын туугандары эки бөлмөлүү квартирасын 2019-жылы булар көчөдө калганда убактылуу беришкен экен. 2019-2020-жылдары ошол жерде күн өткөрүштү...

-- Мурдагы биринчи леди жөнүндө да айта кетсеңиз?

-- Раиса Атамбаева тынбай иштеген күчтүү асылзат. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда иштейт. Студенттерге сабак берет, профессор. Бир кафедраны жетектесе керек эле. 2019-жылдан баштап айлык акысын бербей арестке койсо да, бекер иштеп, кызматын таштаган жок. Соке Жээнбековдун тобу эмгек акы деген эч качан арестке алынбашын билип туруп, мыйзамды карабай, Раиса эжени “жумуштан кетип калсын” деп кордошкон. Кийин күчтүү адвокаттарынын, уулдарынын жана Темирлан Султанбековдун жардамы менен айлык акысы, баары кайтарылып берилген. Кой-Таштагы үйүнө мен тез-тез каттап турам, барган сайын ал жердеги балдар лагерине колкабыш кылып, бир айдай жүрүп калам, ошон үчүн жогорудагыдай сөз чыгып атса керек. 2022-жылы 1-июнунда балдар күнүнө карата Кой-Таштагы үйүнө Бишкек шаарынын депутаты, Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек менен “Социал-демократтардын” лидери Темирлан Султанбеков экөө 30 орундуу балдар лагерин ачышкан. Алар мигранттардын балдары жана Баткенде коогалаңда үйү жок калган үй-бүлөлөрдөн келгендер эле. Өспүрүмдөр Кой-Таш мектебинде окушуп, Атамбаевдин үйүндө жашашат. Аларга атайын өзүнчө коттедж, ашкана, медбөлмө, даараткана, душ, баары ылайыкталган. Жайкы каникулда болсо эс алуу жана окутуу борбору катары иштейт. Айтор, түйшүк көп. Атамбаевдин үйүн анын карындаштары, күйөө балдары дайыма карап турат. Атайын кароолчусу да бар. 

-- Соке убагында талкалоого алдырды эле...

-- Ооба. Ал үй 2019-жылдын 8-августунда талкаланып, тонолгон. Айрым бөлүктөрү өрттөлгөн да болчу. Бир жыл "опечатано" болуп турганы менен күнүгө тоноло баштаган. Аны “мамлекет карап, кайтарат” дешкен, бирок кароосуз калганда  Атамбаевдин жактоочулары, үй-бүлөсү суроо-талап коюшуп, “анда өзүбүз карап жашап туралы” дешкен. Өтө көп чыгаша менен кайра калыбына келтирип, балдар лагерине айландырып, ары жагына өздөрү жашап, азыр иретке келип турат. Мен дайыма барып турам, ал тарыхый үй болуп калды...

-- Атамбаевдин үй-бүлөсү жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз? Эмне тирлик көрүп атышат?

-- Мындай нысаптуу, маданияттуу үй-бүлөнү эч жерден көргөн эмесмин. Кой-Ташта көбүрөөк болгондуктан, Кадыр, Алия менен бат-бат жолугуп калам. Кадырдын окуган китептери, жасаган иштери, IT технологияны мыкты өздөштүргөнү, өзү жазган китеби – муну Алмазбек Шаршенович менен Раиса Минахмедовнанын тарбиясы катары билем. Атасына Испанияга барганда да өзү шайланган партиясынын ишин жандантып,  эл аралык долбоор, макулдашуу, келишимдерге кол коюууга жетишип келет. Айтор, аз уктап, көп иштейт. Бой көтөрбөйт, жөнөкөй. Ар бир адамга эле шыпылдап батынып сүйлөй бербеген сыпайы жагы бар. Бир артыкчылыгы – Кадыр өтө кыраакы. Оңой менен ишене бербейт, бир маалыматты беш булактан тактайт, анан ынанат. Ал аныктаган адамдар мурда айткандай болуп чыгат. Демек, алданбайт. Акылдуу, дүйнө таанымы, чабыты өтө терең жигит. Кубанганын да, кайгырганын да сыртынан билгизбейт.

Алия таланттуу сүрөтчү эмеспи, атайын мастер-класстарды өткөрүп,  жаныбарларды коргоого көмөктөшүп, өз алдынча жашаган эки баланын энеси. Жолдошу Константин кыргыздан ашып түшкөн адамгерчиликтү, камкор ата. Абдан иштерман. Раиса Минахмедовнанын айтуусунда, Алиянын мүнөзү Алмазбек Шаршеновичтин эле өзү. Оңой менен пикирин бербеген, көкжал, бир ишти баштаса, бүткүчө жаны тынбаган өжөр, анан абдан ашыкча боорукер. Алия үй оокаты менен жумуштун баардыгын жасай билет. Мен жакындан биле электе “ак кол болсо керек” деп ойлочумун. Андай эмес, иштерман кыз. Кишиге эмес, жаныбарга да үнүн катуу чыгарбаган жароокер. Балдары кыргыз тилин үйрөнсүн деп, бизге “кыргызча сүйлөшөлүчү” дейт. Кадыр да кыргызча дайыма китеп окуп атты эле, атасы Испанияга кеткенден бери анысы бир аз басаңдап калды. Бирок испан тилине басым коюп үйрөнүп атат.

Алмазбек Шаршеновичтин улуу баласы Сеид менен мурда депутат боло электе көп жолугуп калчу элек. Анын эл менен иши өтө көп болгондуктан, учурда жолтоо болбоюн деп анда-санда эле телефондон байланышып турабыз. Партиялык, расмий, эл аралык ж.б. иш-чараларда Кой-Ташка келип кетип турду. 

Динара, Диана деген эгиз кыздары менен 14-февралда Алмазбек Шаршеновичтин үйүнө келгенде жолуктум. Неберелери менен сүрөткө түшүп атышты. Бирөө   Шаршеновичтин жаш кезине өтө окшош экен. Кыскача ушу...


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер