Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишенбай КАДЫРБЕКОВ, коомдук ишмер: “Шайлоодо 9%дык чек коркунучтуу... Аягы төңкөрүшкө алып барат”

Ишенбай КАДЫРБЕКОВ, коомдук ишмер: “Шайлоодо 9%дык чек коркунучтуу... Аягы төңкөрүшкө алып барат”

25-октябрь, 18:58
449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Келерки жылдагы парламенттик шайлоого болгон 9%дык босого ушул бойдон калчудайбы же өзгөрүүлөр күтүлөбү?

-- Өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк дайым бар. Бүгүнкү бул чечимди кабыл алабыз (!) деп жаткандар түшүнүшү зарыл. Алар бийликти менчиктештирип албашы керек.  Биринчиден, Башмыйзамда жазылган шайлоочулардын укугун сыйлашы шарт.  9%дык босогонун келечектеги коркунучунан коркуулары шарт. Ой пикири бар саясый партиялар көчөгө чыгып, митингдерге чыгып, өз үндөрүн элге жеткирүүгө мажбур болуп калат. Ошондуктан азыркы бийлик телегейин тегиз ойлоп чечим кабыл алуулары керек. Кабыл албаса, Кыргызстан кыйын абалда болуп калышы мүмкүн. 

-- Эгер ушул бойдон кала бере турган болсо, кандай коркунучтар бар?

-- Мисалы, 2 млн. шайлоочу болсун деп коёлу. Парламентке өтүш үчүн 180 миң добуш бериш керек. 179 миң добуш берчү болсо, ал партия өтпөй калат. 179 миң шайлоочулардын добушун чогулткандар парламентке келбей калат дагы, өз өкүлдөрүсүз калат. 14 же 15 партия шайлоого катышса, бир-эки партия өтүп калышы мүмкүн. Калган партиялар, башка ой пикири бар, элдин купулуна толгон өкүлдөр сыртта калат. Демек оппозиция, башка ой пикирлер сыртта болуп калат. Анан алар кантип оюн жеткире алат? Курултай, митинг аркылуу гана айтып калышат. Бул тарыхта болгон, биз көрүп жүргөн көрүнүштөр. Мына, биринчи президентибиз дагы бийликтин баарын колуна алып, акырында “Алга Кыргызстан” партиясы менен парламентти да колго алам деп калганда, сырттагы күчтөрдүн баары биригип кубалап чыгышты. “Акжол” менен бийликти колго алам деп ачкөздөнгөн Бакиев да сыртта калды. Мындай коркунучтар баардык мамлекеттерде бар. Ошондуктан чет өлкөлүктөр чекти 5%дан ашырбайт. Кээ бирөөлөр 3%, мисалы, нидерландыктар 0,6% коюшкан. 

-- 2020-жылкы парламентти кандай элестетип жатасыз?

-- Мыйзам ушул бойдон калчу болсо, бүгүнкүдөй эл шайлоодон сыртта калып калчу болсо, анда азыркы парламенттен дагы жаман парламент келет. Себеби, депутататтык мандат базардагыдай товар болуп калды. Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек, шайлоочулар Конституцияда жазылган шайлоо укугунан ажырап калды. Белгилүү эле адамдар “Марал” радиосунда “эл алданбаса, депутаттарды жакшы шайласа болот эле” деген пикирди айтып жатат (өз убагында чоң бийликте турган адамдын пикири). Ошол киши бүгүн эл депутаттарды шайлабай калганын, депутаттардын ким болорун партиялардын лидерлери чечип калганын түшүнбөгөнү кейиштүү. Шайлоочулардын колуна бир гана “сен добуш бергин, ким депутат болорун биз чечебиз” деп калышты. Шайлоочулар укугунан ажырап, ушундай абалда болуп калгандан кийин биз парламенттик мамлекет болгонубуз менен таптакыр келечегибиз жок мамлекет болуп калышыбыз мүмкүн. 

-- Ачуу пикир айтып жатасыз. Эгер 9%дык босого ушул бойдон кала берсе, сиздей тажрыбалуу саясатчалар кандай аракет көрөсүздөр?

-- Биз “саясатчылар революцияны жасайт” деп ойлоп жатабыз. Бул чоң ката. Саясатчылар элдин агымы менен жүрөт. Эгер эл буга чыдабай калганда, эл башы болгон саясатчылар чыгат дагы, төңкөрүш жасап жиберишет. Ошондуктан бийликте тургандар элдин үнүн угуш керек. Элдин пикирине, элдин үнүнө жараша саясый кадам жасабаса, ал бийликтин келечеги, өмүрү кыска жана коркунучтуу болуп калат. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер