Джо Байденге Борбор Азия керекпи? Канчалык деңгээлде кызыктырат?
20-мартта АКШнын лидеринин алмашканына туура эки ай болду. Демократиялык партиянын лидери Джозеф Байден АКШнын президентинин ордуна отурары менен мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдө тажрыйба топтогон адамдарды айланасына чогулта баштады. Дональд Трамптын учурунда мурдагы советтик өлкөлөргө болгон кызыгуу басаңдаган эле, эми кайрадан бул жагы жанданарын күтсөк болобу? Жаңы администрациянын Борбор Азияга карата саясаты кандай болот?
Бул маселеде эки кайчы багыттагы бутак бар. Бири – башкаруучу партиянын саясый боёгуна карабастан, тышкы саясаттын башкы линиясынын өзгөрүлбөстүгүн билдирет. Өзгөрүүлөр эрежеге ылайык, нюанстардан көрүнүп турат. Экинчи бутакты Акүйдүн башчысы кызматка киришери менен мурдагы президенттин баардык жарлыктарын жокко чыгаруу менен өзү орнотту. Мындан улам Байдендин кийинки аракеттери Трамптын аракеттеринен жана пландарынан өтө эле айырмаланат (!) деп жыйынтык чыгарууга болот.
Сөз кезеги келгенде айта кетели, 20-январда, инаугурациядан соң жаңы президент дароо эле иммиграциялык визаларды жана грин-карттарды берүүнү чектөөнү жокко чыгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул чектөө башкалар менен биздин жарандарга да Америкага кирүүгө кыйынчылык жаратып келген. Бирок президенттин бул жарлыгы кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстанды камтыган негизги “пакет” менен бирге болду. Вашингтондон биздин өлкөгө жана жалпы аймакка карата кандай кадамдарды күтүүгө болот?
Акыркы бир нече жыл дүйнө байкаларлык өзгөрүлүп, глобалдуу саясый карта Америкага каршы түзүлүп келе жатат. Жаңы администрация Борбор Азияга аракетин күчөтпөсө дагы, жок дегенде ич ара күчтөнүүнү жаратат. Өз убагында Трамптын командасы бул нерседен бир топ оолактаган болчу. Анын башкаруусунда АКШнын сырткы саясаты Россия, Кытай, Иран, Түндүк Корея сыяктуу бир нече ири мамлекеттерге багытталган. Борбор Азия экинчи, алтургай үчүнчү планга түшкөн.
Биздин өлкө Трамптын администрациясынын көңүлүн бурган жагдайларга кабылганда, алар жогорудагы аталган приоритеттердин негизинде иш алып барышкан.
Бир катар америкалык эксперттердин божомолу жөнөкөй фактыларды айтуудан ашып түшөт. Негизинен, Россия жана Евразия боюнча программа фондунун улук илимий кызматкери Пол Стронски макалаларынын биринде мындай деп жазган: “Россия жана Кытайга абдан тыкыр көңүл бурулуп жатканын эске алганда, эгер бул мамлекеттер менен мамиле начарлай берсе, анда Кавказ жана Борбор Азиянын мамлекеттери ортодогу отко түшүп калуулары мүмкүн”.
“Ортодогу от” деп эксперт эмнени айтканы түшүнүксүз. Бирок жалпы мааниси белгилүү, кырдаал кайсы жагына оодарылбасын, ал бизге да таасирин берет.
Кыязы, АКШнын Борбор Азияга карата мамилесинин байкаларлык өзгөрүүсүн жакынкы аралыкта күтпөй эле коюу керек. Ошол эле убакта АКШнын аймактар боюнча 2019-2025-жылдарга карата стратегиясы бар. Документте “Борбор Азиядагы стабилдүүлүк жана коопсуздук АКШнын терроризм менен күрөшүүсүнө, аймактардагы стабилдүүлүктү, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга жана экономикалык өсүп-өнүгүүгө түздөн түз салымын кошот” деп жазылган. Мына ушулар аймактарга карата АКШнын тынчсыздануусунун өзөгүн түзөт.
АКШнын элчилиги буга дейре Кыргызстанда “кылмыштуулуктун империясы” бардыгын бир нече ирет жарыялаган. Өз кезегинде АКШнын каржы министрлиги Райым Матраимовду каралап, дүйнө жүзүндөгү коррупционерлерди жана алардын тармагын камтыган Магнитскийдин глобалдык тизмесине киргизген. Мурдагы бажычы “талаштуу” 700 миллион доллардан кем эмес каражатты адалдоо боюнча айыпталып жатат. АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгү бир катар журналисттерди адискөйлүгү үчүн алган сыйлыгы менен буга чейин куттуктаган. Мындай сыйлыкка “Клооп” медиасынын, “Азаттык” радиосунун жана коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбордун кызматкерлери татыган. Бул түзүмдөр өлкөдөгү “кылмыштуу схемалардын бетин ачуунун” демилгечилери болушкан.
Аны менен катар америкалык тарап уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө Кыргызстандын бийлигинин алсыз болуп жатканын сындаган. Дипломаттардын “сынына” акыркы убактарда башкы каарманга айланган Райым Матраимов менен Камчы Көлбаев да тушукту. Көлбаев үчүн америкалык тарап ага байланышкан ар кандай маалыматтарды бергендерге 1 миллион доллар сыйлык да убадалаган. Ал үй камагына чыгарылгандан кийин сумма 5 миллион долларга көтөрүлдү, бирок бул аны темир тор артына отургуза тургандай күчү бар маалыматтарга гана берилет.
Мындай билдирүү, албетте, өлкөнүн ички ишине кийгилишүү жана тергөө иштерине америкалык дипломаттардын басым көрсөтүүсү катары кабыл алынат.
Үстүбүздөгү жыл өлкөбүз үчүн саясый окуялардын жылы болот: президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкарууну тандоо, парламенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча референдум. Бул коомчулуктагы чыңалууну, саясый күчтөрдүн тирешүүсүн жаратары турган иш. АКШ мүмкүн болгон ресурстардын баарын колдонот: бейөкмөт уюмдарды, массалык маалымдоо каражаттарын, өздөрүнө ыктаган саясатчыларды жана саясый уюмдарды.
Президенттик шайлоодо 2019-жылдын 27-мартында түптөлгөн “Жалпы иш” коомдук фонду активдүү катышты. Анын расмий донорлору жана өнөктөштөрү – Медиа полис институту, ЮСАИД, Интерньюс, демократиянын улуттук институту, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги.
Андан тышкары Кыргызстанда “Америка үнүнүн” катышуусу менен RFE/RL тарабынан түзүлгөн “Настоящее время” телеканалы иштеп жатат. RFE/RL – көз карандысыз коммерциялык эмес медиакорпорация, глобалдуу медиа агенттиги аркылуу АКШ Конргессинин гранттарынан каржыланат.
Ушул жана башка уюмдар өлкөдөгү баардык шайлоо процесстеринде мониторинг жүргүзөт. Максаты – АКШга ийкемдүү талапкерлерди колдоо жана башка талапкерлердин эреже бузганын аныктоо.
АКШ жана анын Кыргызстандагы жактоочулары конституциялык реформаны жактырбайт. АКШнын элчилиги бул маселе пайда болору менен биздин бийликке сунуштарын берген.
Жаңы шайланган президент Джо Байден инаугурациядагы кебинде мындай деп жарыялаган: “...биз артыбыздан (башка өлкөлөрдү) өзүбүздүн күчүбүздүн үлгүсү менен гана эмес, өзүбүздүн үлгүбүздүн күчү менен дагы ээрчитебиз”. Эмнени билдирет: биз глобалдык үстөмдүктөн баш тартпайбыз, бирок аны бир аз башкачараак кылабыз...
Бакыт Бакетаев, саясат таануучу
"Азия Ньюс" гезити