Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Венера Акматова, профессор: “Кумтөрдө баары жашыруун, ошон үчүн шектүү боло берет”

Венера Акматова, профессор: “Кумтөрдө баары жашыруун, ошон үчүн шектүү боло берет”

27-март, 09:00
533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Венера эже, бийликке каршы күчтөр кемпирабадчы саясатчылардын айланасына чогулушу мүмкүнбү, же оппозицияда эл ээрчий турган лидер калган жокпу?

-- Табияттын да, адамдын да өнүгүшү карама-каршылыктардын күрөшүнөн турат. Карама-каршылыктын өз ара аракети – диалектика «өнүгүүнүн мыйзамы» катары эчак илимде далилденген. Ошондуктан сын көз караштагы, альтернативалуу пикирлерди ачык билдиргендерден бийлик чочулабашы керек. «Ким мени менен бирге болбосо, ал менин душманым» позициясы совет мезгилинде өзүнчө чоң идеология болчу. Ошонун саркындыларынан дагы деле кутула албай жатабыз. Кыргыз коомунун өнүгүшү үчүн бийликтин позициясына сын көз караштагы оппозиция абдан зарыл. Айрыкча жаш саясатчыларды калыптандырууда маанилүү. Анткени, өлкөнүн тагдыры ошолордун колуна тийет. Жашоонун мыйзамынан качып кутула алмак белек. Өз оюн эл алдында ачык айтып, талкууларга катышып, саясаттын оош-кыйышына бышыккан, «эл башкарууга» дасыккан катмарды өстүрүү мамлекеттин милдети. «Митинг уюштуруп, бийликти басып алат» синдромунан айыгыш керек. Анан калса азыр саясый аренада оппозициялык маанайдагы көпчүлүк элдин көңүлүн бирдей бурган күчтүү лидер жок. Бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты менен келише албагандар биригип, бириксе чоң күчкө айлана турган абалда эмес. Бир нерсени кесе айта алам, кыргыз коомунун бир өзгөчөлүгү – расмий бийликтин бир гана оппозициясы болуп келатат. Ал – эл!

-- Айрымдар камоолордун көптүгүн ар кандай куугунтуктарга салыштырып, Кыргызстанда репрессия жүрүп жатат дешет. Бул ойго ынансак болобу?       

-IT технологиянын жетишкендиги ушунчалык деңгээлге жетти, азыр элден эч нерсе жашыра албайсың! Бул демократиялык өнүгүүнүн жаңы этабын пайда кылды. Мындай кырдаалда камоолор, басым-кысым жасоонун ар кандай формалары, коркутуу-үркүтүү коомдун, бийликтин стабилдүүлүгү үчүн тескери гана натыйжа берет. Агрессияны, нааразылыкты күчөтөт. Тилекке каршы, бийликтин жасап аткан айрым жетишкендиктери көз жаздымда калып кетет. Эркиндиктин даамын бир аз эле татып калган, анын вирусу канына кирип кеткен элге басым болгон сайын, тескерисинче, күчөйт. Топту канчалык катуу чапсаң ошончо секиргендей болот. Саясый, экономикалык туруктуулук, өнүгүү үчүн бир эле жол бар – мыйзамдын культун орнотуш керек. “Мыйзам” деген түшүнүктү ар бир кыргыздын ДНКсына “прививка” кылбаса болбойт. Ар бир жаран да, бийлик да Конституцияны кабыл алып жатканда өз ара макулдашып, кол коюп, экөөбүз тең кыңк этпей аткарабыз деп убадалашкан. Бийликке келген адам ошон үчүн Башмыйзамга колун коюп туруп ант берет. Башмыйзамга өзгөртүү же толуктоо киргизилсе, ошон үчүн жалпы элге референдум жарыяланат. Ар бир жаран барып “макулмун” же “каршымын” деп добуш берет, кол алышат. Ошондуктан чымын өлсө да мыйзам менен өлүш керек! Антпесе коррупция менен күрөшүү – кустуруу, кызматка дайындоо – непотизм, Кумтөр – баары жашыруун, ошон үчүн шектүү боло берет. Президенттен тартып, ар бир жаранга чейин макулдашылып, кабыл алынган мыйзамды так сактамайын, кыргыз коому тынчыбайт! 

-- Бирок, бийлик мамлекет өнүгүү жолуна түшкөнүн, бир топ маселелер жолго коюлуп калганын, баардык тармакка көңүл бурула баштаганын айтууда. Сөккөн же бийликти сындагандар дароо камакка алынганы өзүн мыкты коргогонубу же чектен чыккандарды эсине келтирүү аракетиби? 

-- Бийлик качан эффективдүү иштейт? Анын төрт бутагы бирдей күчтүү болгондо. Болгон-бүткөн бийликти бир адамдын колуна топтоп берип коюу менен бийликтин башка бутактарын алсыздандыруу аркылуу убактылуу, кыска мөөнөттүү натыйжага жетүүгө болот. Бирок мындай позиция мамлекеттин келечеги үчүн жакшы эмес. Тескерисинче, мамлекеттик институттарды күчтөндүрүү керек. Маселен, Жогорку Кеңештин статусу аябай начарлап, дискредитацияланып атат. “Мен сага ишенем, сен менин укугумду коргойсуң, таламымды талашасың» деп колуна мандат берип жөнөткөн адамдар – эл өкүлдөрү топтолгон органдын калк арасында да, бийликтин астында да бедели, таасири жок калды. Бул биринчиси. Экинчиси, сот тутуму толугу менен бийликтен көз карандысыз болгондо гана кайсы бир деңгээлде адилет болот. Үчүнчүсү, сөз эркиндигине кысым көрсөтүү – чоң жаңылыштык. Тескерисинче, бийлик баардык бутактарын кыргыз мыйзамдарын так сактоого мажбурласа оң жыйынтык берет эле.

-- Парламентте Райым Матраимовдун жардамын алып депутат болгон, аны менен бирге бизнес кылгандардан тазалануу аракети башталды. Эмнеге Райым Матраимов түптөгөн "Мекеним Кыргызстан" партиясынан шайлоого аттанган министрлер кабинетинин башчысы жана аны менен кызматташкан жооптуу кызматта отургандар ордунан козголгон жок. Бийликтин күчү депутаттарга эле жетеби?

-Райым Матраимовдун тегерегинде чуулгандуу окуялар «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен кошо эле жабылыш керек болчу. Соодалары бүтүш керек эле. Кыргыз саясатындагы нонсенс ошол партиянын өкүлдөрү укуктук, моралдык жаза тартмак турсун, башка койдун терисин жамына калышып, аты бөлөк партияларга кире качышып, же бир мандаттуу округдардан келишип, көпчүлүгү Жогорку Кеңешти ээлешти. Мына 30 жылдан бери ичегибиз чубалып атканынын бир себеби. 

Күн баарына тегиз тийгендей, мыйзам баарына бирдей болгондо, мыйзам «буйлаланган төөдөй» болуп кээ бир кызыкчылыктардын ыңгайына жараша бурмаланбастан так сакталган учурда гана бул элдин келечеги болот. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер