Акыркы кабарлар
» Коом » “Тез жардам” кызматкерлери кырсыкка кабылып, бирөөсүнүн бели сынды
“Тез жардам” кызматкерлери кырсыкка кабылып, бирөөсүнүн бели сынды
15-декабрь, 19:30

Бишкек шаарында “тез жардам” кызматкерлеринин унаасы жол кырсыкка кабылды. Бул маалыматты «АКИpress» агенттигине ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов тастыктады.
Анын айтымында, саат 05:20да медицина кызматкерлеринин унаасы бак сүзгөн. Алар чакыруудан кайтып келе жатышкан. «Анын кесепетинен врач-педиатр Екатеринанын бели сынды. Ага операция керек, 1,5 миң доллар турган титан имплант орнотуу зарыл. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунан имплантты акысыз орнотуп беришерин билдиришти. Операция эртең болору күтүлүүдө» деди Шаяхметов.