Дастан Бекешов: “Биз азырынча Түркмөнстан боло элекпиз”
-- Президент депутаттарды эки ирет резиденцияга чакырып, сүйлөшүүлөр өттү. Биринчисинде шайлоо мыйзамдары талкууланганы айтылууда. Жыйынтыгында, ЖК депутаттары өз пикирин президентке жеткире алыштыбы?
-- Ар бир депутат шайлоо мыйзамдары жөнүндө так пикирлерин айтышты. Анда “преференциалдуу шайлоо системасы болушу керек” дегенге басым жасалды. Ага карата аргументтерди бердик. Анткени президент башка мыйзамды сунуштаган да.
-- Экинчи жолугушууда эмне тууралуу сөз болду?
-- Мен ага катышкан жокмун. Бирок, кечээ сый тамак берүүгө чакырды окшойт. Андай практика болуп калган. 5-чакырылыштын мөөнөтү аяктап атканда да, мына эми 6-чакырылыш кетип атканда да ошондой болду.
-- Президент тарабынан сунушталып жаткан мыйзамдар депутаттар арасында сынга кабылып атпайбы. Эмне үчүн?
-- Анткени алар чийки мыйзамдар. Мисалы, ошол эле акимдерге кол тийбестик берүү мыйзамын алсак деле болот. Бирок, бүгүн ошол мыйзамдар биринчи окууга кирди.
-- Демек, ал мыйзамдар өтөбү?
-- Менимче, биринчи окуудан өтөт. Ал эми экинчи окууга келгенде сунуштарды беребиз да.
-- Президенттик башкаруу системасына өтүү менен парламенттин укуктары чектелип калгандай болуп жаткан жокпу? Депутаттар арасында талкууланып атса керек?
-- Чындыгында көпчүлүгү таңгалып жүрүшөт. Бирок, Конституцияда так эле жазылган. Мен ал долбоор келгенде, “өзүбүздүн укуктарыбызды кесип атабыз” деп катуу эле айткам. Эми кеч. Анткени депутаттар өз добушу менен аны кабыл алып коюшкан.
-- “Эгер президенттик башкарууга өтсөк, Түркмөнстандын кейпин кийебиз” деген сөздөр да айтылды эле. Учурда абал кандай, өзгөрүүлөр байкалып атабы?
-- Жок, азырынча Түркмөнстан боло элекпиз. Бирок, нормалар даярдалып жатат. Эми күз-кыш айларында жаңы парламент келгенде көрөбүз.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити