Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Мырза: “Тополоңдорго чекит коюунун бир жолу – бул таза шайлоо”

Айбек Мырза: “Тополоңдорго чекит коюунун бир жолу – бул таза шайлоо”

16-октябрь, 13:05
618 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен маек.

-- Айбек, төңкөрүштөн дайын жок жылдардан бери эле элдик курултайларды өткөрүп, “элдин байлыгы элге” деп айтып, бир мандаттуу шайлоонун жолдорун чечмелеп келесиң. Алдыда кеңири талкууга түшө турган бир мандатуу шайлоонун жол-жобосун өз оозуңдан уксак?

-- Конституциянын экинчи беренесинде “шайлоодо талапкерлерди түз жана тикелей шайлаш керек” деп так жазылып турат. Биз бюллетенде партиянын эмес адамдын ысымын шайлашыбыз керек. Экинчиден, ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Тилекке каршы, шайланууга болгон укугубуз алынган. Партияга кирбесең, шайлана албайсың. Ошол себептен ушул эки беренени кайра калыбына келтирип, Конституциядагы шайлоолор боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, бул мыйзамды ылайыктап кайра ордуна алып келүү – учур талабы. Ал үчүн 2007-жылга чейинки шайлоо мыйзамын алып келип, ошого толуктоолорду киргизип, округдарды кеңейтип, ар бир округдан жеке адам дагы талапкерлигин коё ала тургандай механизмди иштеп чыгуу зарыл. Ошондо бизде партиялар үстөмдүгүн кыла албайт. Болбосо, утулган тарап кайра эле тополоңду уланта берет. Тополоңдорго чекит коюунун бир жолу – бул таза шайлоо, шайлоо системасын өзгөртүү. Экинчиден, Конституциянын 52-беренесинде курултайлар тууралуу бөлүм бар. Бул бөлүмгө дагы он жылдан бери мыйзам жазыла элек. Депутаттар Каныбек Иманалиев менен Кенжебек Бокоевдин мыйзам долбоору бар. Ошол долбоорго өзгөртүү, толуктоолорду киргизип, курултай тууралуу мыйзамды кабыл алуу шарт. Ошондой жол менен биз элдин бийлигин элге кайра беребиз. 


Биз макаланы даярдап жатканда Айбек Мырза Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 
 
Тийешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Айбек Мырза өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон мыкты жетекчи болушуна тилектешпиз!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер